Быйыл Бишкекте 6,3 миңдей ипотекалык батир берилет – МИК

Коом Загрузка... 26 Февраль 2026 10:45
615358286_3690064937803345_8231193931083824440_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарында быйылкы жылы 6 миң 300дөй ипотекалык батир берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Сатуулар башкармалыгынын башчысы Кылычбек Келдибеков “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Маалымдалгандай, борбордо Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батир алууга кезекке тургандардын жалпы саны 48 миңден ашат.

“Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстан боюнча 90 миңден ашуун жаран Мамлекеттик ипотекалык компаниянын “Менин үйүм” программасынын алкагында батир алуу үчүн кезекте турат. Кезекке турган жарандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына туура келет. Бишкекте 48 миңден ашык жаран кезекте туруп, жалпы кезекке тургандардын жарымын түзүүдө. Тактап айтсак, турак жайды каржылоонун “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека” жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча Бишкекте 48 миңден ашык жаран кезек күтүүдө. Быйыл борбор калаада кезек менен 6 миң 300дөй батир жарандарга берилет”,- деди Келдибеков.