Жол оңдоо иштери: Ысык-Атадагы үч ири унаа жолу толугу менен асфальтталды

Аймак Загрузка... 19 Июнь 2026 11:35
WhatsApp_Image_2026_FTDt40D.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Ысык-Ата районунда жол куруу жана оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, быйыл аталган райондо жалпы 34,5 чакырым жолго асфальт төшөө каралган.

Бүгүнкү күндө Жээк – Гагарина унаа жолунун 5 чакырым бөлүгү толук асфальтталып бүттү. Муну менен бирге Новопокровка – Туз унаа жолун жана Красная Речка – Ысык-Ата унаа жолун асфальттоо аяктады.

Учурда Кант - Тоолуу Серафимовка унаа жолунун 9 чакырымдан ашык тилкесине асфальт басууга даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Туз – Интернационал – Жар-Башы унаа жолунун 3 чакырымына асфальт төшөө пландалып, учурда жер жумуштары аткарылууда.