Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. 2025-жылы темир жол аркылуу жүк ташуулардын көлөмү 10,5 млн тоннага жетти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарында Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна мезгил кутусун салуу учурунда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, бул көрсөткүч 2021-жылдагы 7,7 млн тоннага салыштырмалуу 36,4%га өстү.
Ошондой эле президент темир жол транспортун колдонгон жүргүнчүлөрдүн саны 2021-жылы 255 миң адам болсо, 2025-жылы 432 миң адамга чыкканын айтты.
“Бул – ата мекендик темир жол тармагынын тарыхындагы эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири. Иштин мындай ыкчам ыргагы тармактын ишмердүүлүгү жакшырып, темир жолдун өлкөнүн транспорттук системасындагы ролу кеңейип жатканын, натыйжада элибиздин темир жол транспортуна болгон ишеними артып баратканын айгинелейт”, - деди Садыр Жапаров.