Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат төрттөр чамасында Кытайдын аймагында, Каракол шаарынан 143 чакырым түштүк-чыгышта күчү очогунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жердин силкинүүсү сезилген эмес.
Белгилей кетсек, күн мурун, 14-июнда Жалал-Абад облусунунун Токтогул районунан 36 чакырым чыгышта, Торкент айылынан 19 чакырым түндүк-чыгышта очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган болчу.