Чакыруулар эмне үчүн кечигет? Тез жардам борборунун директору менен маек

Маек Загрузка... 21 Январь 2026 16:25
NazarNews_302470747043089270287042225969801435570.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Жарандар медициналык тез жардам алуу үчүн дарыгерлердин кызматына муктаж. Тез медицина борборунун 103 номерине күнү-түнү чалуулар токтобойт. Бишкек шаарында учурда калктын саны 1 млн 200 миңден ашты. Ага жараша тез жардам көрсөтө турган дарыгерлерди чакыруу түшкөн дарекке жеткирүүгө унаа керек. Шаар тургундары Тез жардам кызматына чалганда унаа кеч келээрин, айрым учурда чалуу күттүрүлгөнүн айтып келишет. Бул маселелерди чечүү максатында алдыда борбор калаадагы тез жардам станцияларынын санын көбөйтүү жана унаалар менен жеткиликтүү санда камсыздоо иштери колго алынууда. “Кабар” маалымат агенттиги бул ирет Тез жардам медицина борборунун директору Искендер Шаяхметов менен аталган кызматтын ишинин мүмкүнчүлүктөрү жана ишке ашырыла турган пландары тууралуу маектешти.

WhatsApp Image 2026-01-21 at 07.46.55

Учурда Тез жардам медицина борборунда канча кызматкер эмгектенет? Кадрлардын жетишсиздиги чечилип жатабы?

Биздин борбордо азыр 210 дарыгер, 365 медайым иштейт. Буга чейин дарыгерлер жетишсиздиги курч болчу. Мурдагы жылы 98 дарыгердин оруну бош эле. Былтыр президенттин чечими менен Ош жана Бишкек шаарындагы тез жардам кызматкерлеринин маянасы 20 миң сомго жогорулаган. Бүгүнкү күндө 32 бош орун бар. Айлык акы көтөрүлгөндөн кийин кадрлардын жетишсиздиги 3 эсеге кыскарды. Шаар боюнча беш бөлүмдө (станция) 22 бригада иштейт, күнү-түнү 42 тез жардам унаасы кызматка чыгат.

WhatsApp Image 2026-01-21 at 07.46.32

Биринчи бөлүм Бишкектин түндүк тарабында Ак-Босого конушунда жайгашкан. Экинчи бөлүм “Манас” кинотеатры жакта, үчүнчүсү – Лебединовка айылында, төртүнчү станция – Жаш Гвардия бульвары - Рыскулов көчөсү тарапта орун алган. Бешинчи бөлүмдү ачканыбызга эки жыл болду. Ал Ак-Өргө конушунда жайгашкан. Ушул станциялардагы 42 бригада өзүнө жакын жайгашкан конуштардан, кичи райондордон түшкөн чакырууларга барат. Бирок бул дагы деле аздык кылат. Союз маалында Фрунзе шаарынын 540 миң тургунун 59 бригада тейлечү. Учурда Бишкекте 1 млн 300 миңге чукул жашоочуга 42 бригада болгондуктан, саны жетишпейт. Ошондуктан жарандарга чакыруулар кеч барып калып жатат.

WhatsApp Image 2026-01-21 at 07.46.38

Шаардын түштүк тарабында көп кабаттуу турак жайлар көп, ага удаа жаңы курулган үйлөр улам көбөйүүдө. Жарандардын чакырууларына кечикпей убагында баруу маселеси качан чечилет?

Ооба, туура айтасыз. Көп кабаттуу үйлөр көбөйдү. Ал жакты бир эле станция тейлейт. Эми бул аймакка жаңы бөлүм ачабыз. Учурда долбоордун документтери даяр. Саламаттык сактоо министри да бул долбоорду ишке ашыруу зарылдыгын айткан. Биз бүгүн-эртең курулуш түшө турган жерди карап, бул маселени дагы талкуулайбыз. Бул станцияны курсак, 15 бригада кошулат. Сүйөркулов көчөсүндө жайгаша турган (4-төрөт үйү тарапта) бул станция ишке кирсе, жол чыгымдары кыйла азаят жана эң башкысы чакыруу түшкөн дарекке тез жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлер 10-15 мүнөттүн ичинде барып калат деп ойлойбуз.

WhatsApp Image 2026-01-21 at 12.21.55

Жукеев-Пудовкин көчөсү түштүктү көздөй узартылып, асфальтталды. Учурда Орто-Сай айылынан 7-Апрель көчөсүнө чейин жол салынууда. Жаңы станциябыз курулса, Түштүк магистраль аркылуу ушул жолдорго чыгып, кичи райондорду тейлөө жеңилдейт. Анткени унаа тыгыны маселеси жаралбайт. Азыр кичи райондордон түшкөн чакырууларга тез жардам унаасы Чыңгыз Айтматов проспектиси жана Байтик баатыр көчөлөрү менен барат. Баарыбызга белгилүү болгондой ушу көчөлөрдө тыгын жаралат. Биз Ак-Өргөдөгү бөлүмдү ачканда дарыгерлер Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ак-Ордого 10-15 мүнөттө жетип калышты. Жолдор оңдолуп, тыгын жок болгону убакытты кыйла үнөмдөп калды.

Унаалардын тартыштыгы да болсо керек? Жаңыларын алуу планда барбы?

Борборго дарыгерлер карайт, ал эми автопарк түздөн-түз министрликке тиешелүү. Ушул тапта 83 унаа бар, анын 30 пайызы жараксыз. Жогоруда мен айткандай, күнүгө 42 бригада кызмат кылат. Быйыл министрлик 40 жаңы тез жардам унаасын алып бергени турат. Транспорттор эки этап менен келет деп айтылууда. Бул унаалар келсе, ишибиз жеңилдемекчи. Мэрия бизге Маевка жана Жал айылдарынан имарат бөлгөн, аларда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү керек. Унаа жетишпегендиктен ал бөлүмдөр ачыла элек. Көк-Жарда мэрия Үй-бүлөлүк медицина борборун жана станция куруп берди. Ал жакта беш бригада болот. Жаңы 18 унаа келсе, ушул станцияларга берилет. Унаалар келсе эле аларды иштетебиз. Ошондо станциялардын саны онго жетип калат.

WhatsApp Image 2026-01-21 at 07.46.27

Жарандар 103 номерине чалганда адистер менен сүйлөшүү үчүн байланышты күтүп турууга аргасыз болуп жатышканын айтышууда. Чалууларды кабыл алган диспетчерлер жетиштүү эмеспи?

Биз борбордо автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизгенбиз. Ушул система ишибизге жакшы жардам берүүдө. Мында бригадалардын кыймылын онлайн режимде көрүп турабыз. Мурда шаардын жогору жагына чакыруу түшсө, ылдый жакта жүргөн унаалар жиберилген учурлар болуп келген. Азыр система жакын жердеги бош бригадаларды өзү тандап, чакырууларды берет. Шаар тургундарынын саны өскөнүнө карабай, азыр бизде болгону 8 диспетчер отурат. Бул дагы бир курч маселе.

WhatsApp Image 2026-01-21 at 07.46.53 (1)

Ошондуктан чакыруулар көп түшүп жаткан маалда адистер менен байланышуу үчүн кезек жаралып калып жатат. Сүйөркулов көчөсүндөгү станциябыз курулуп пайдаланууга берилсе, диспетчерлердин саны 24кө жеткирилет. Борбордогу диспетчерлердин санын көбөйтө албаганыбыздын себеби имарат тардык кылат. Министр бизге азырынча 8 кишини кошуу тапшырмасын берди. Диспетчерлердин саны 16га жетет. Айтылып жаткан маселелер чечилет. Ал үчүн бир аз убакыт керек. Алдыга койгон пландарыбызды ишке ашырсак, калкка тез жардам кызматтарын көрсөтүү жеткиликтүү болуп, жакшырат.

WhatsApp Image 2026-01-21 at 07.46.52

Бир күндө болжол менен 1500 чалуу келип түшөт. Анын 160-180ине кеп-кеңеш берилет.