Чек ара көйгөйүнүн чечилиши Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө негиз болду

Аналитика Загрузка... 15 Январь 2026 15:25
WhatsApp Image 2026-01-15 at 15.34.29.jpeg
copyright icon Кабар

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Чек ара маселесинин чечилүүсү Кыргызстан эле эмес, жалпы Борбор Азия үчүн да тарыхый жана стратегиялык мааниге ээ. Чек ара көйгөйүнө чекит коюу албетте оор, бирок, зарыл чечим болду. Бул чечкиндүү кадам өлкө бийлигинин жоопкерчилигин жана саясий эркин талап кылды. Натыйжада региондо тынчтык, туруктуулук орноп, чек аралар ачылды. Кыргызстан үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөр кыйла кеңейип, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатат. Учурда дүйнөдө болуп жаткан окуяларды эске алганда, биздин чөлкөм талаштарды сүйлөшүү жолу менен тынч жайгаруу аркылуу үлгү көрсөтө алды.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырым, анын 519,9 чакырымы 2011-жылга чейин такталган. Андан кийинки 10 жыл бою жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жыйынтык берген эмес. 2021-жылы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган топтун аракети менен калган 486,94 чакырым тилке такталды. Ошондой эле Кыргызстан-Өзбекстан чек арасындагы тактала элек 15% тилке да чечилди. 2025-жылдын 31-мартында Тажикстандын Хожент шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекет башчылары Түбөлүк достук жөнүндө декларацияга кол коюп, бул документ чектеш аймактардагы талаш-тартыштарды жокко чыгарды.

WhatsApp Image 2026-01-15 at 16.14.34 (1)

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу тилкелерди тактоо, тарыхый келишимге жетишүү өтө татаал болгону, бирок чечимдер учурда жемишин бере баштаганы туурасында мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Президент” даректүү тасмасында айтып берди.

Анда өлкө башчысы чек ара маселесинин чечилиши анын командасы жетишкен иштердин сап башында турганын белгилеген.

“Тажик президентине байланышка чыгып жаңжалды токтотолу, жолугуп сүйлөшөлү дедим. "Сен эмнеге Рахмонго бара жатасың, Ташкентте, Астанада же Москвада жолуксаңар болбойбу? Рейтинг түшүп кетет" деп, мени баары катуу сындашты. Ошол маалда мага рейтингдин кереги жок эле, мен чек ара көйгөйүн чечишим керек болчу. Жапжаш балдар өлдү, ошолордун убалын ойлодум.

Биринчи кадамды жашыраакмын го деп, мен жасадым. Ал киши кантсе да президенттикте көп жылдан бери отурат. БУУнун трибунасында да катуу сүйлөгөн болчумун. Саммиттерде отуруңуз, сүйлөшөлү десем, болбой койду. Анан, экинчи аракетте жибиди. Бул жерде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин эмгеги зор, аны айтып коюшум керек. Ал Эмомали Рахмонго Кыргызстанга чек араны чече турган киши келгенин айтып, ынандырды.

Чек ара боюнча келишимдин мааниси чоң. Борбор Азияга жана Кыргызстанга келип, Баткенге инвестиция салайын десең эле, чыр-чатак бар. Ал жерге сүйрөсөң да эч ким келбейт. Тажикстандын Согди тарабына да, Өзбекстандын талаштуу аймагына да олуттуу инвесторлор кирбегенин 30 жыл бою көрдүк да. Мына, азыр келип жатат. Азыр баары Борбор Азияга кызыгып жатат, анткени, тынчтык орноду. Чек арадагы тынчтыктын мааниси өтө жогору”, - деди өлкө башчысы Садыр Жапаров “Президент” даректүү тасмасында.

Бул чечимдер Кыргызстанды эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүн да бир тепкичке жогору көтөрдү. Анткени, чек арадагы тынчтык жана коопсуздук эл аралык финансы институттары үчүн жагымдуу болуп саналат. Экинчиден, бул мамлекеттер коопсуздукту, суверенитетти жана достук мамилени кастарлай аларын көрсөтүштү. Керек учурда бир бүтүн аймак катары иш жүргүзө аларын далилдешти.

Чек ара боюнча чечимдер оор, бирок зарыл чечимдер болду

Тарыхый чечимдерди кабыл алуу оңой эмес, жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликти жана саясий бекем эркти талап кылат. Журналист Төлөгөн Сулаймановдун пикиринде чек ара маселелери жокко чыгарылгандан кийин аймакта туруктуулук орноп, өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрү кыйла кеңейди.

WhatsApp Image 2026-01-15 at 13.07.39.jpeg

"Чек ара боюнча келишимдер муктаждыктан келип чыкты десем туура болот. 2021-2022-жылдардын апрель, сентябрь айларындагы чек ара окуялар буга далил. Бул окуялар чек ара талаш-тартыштарына акыркы чекитти коюуга, үч мамлекетти сүйлөшүүгө отургузууга, чечим кабыл алууга түрткү берди. Биз борбордо туруп алып, чек ара көйгөйү туурасында билип-билбей айта беребиз. Чынында абалдын кандай, чек ара көйгөйү канчалык курч экенин жергиликтүү эл жана тиешелүү чечимдерди кабыл алган адамдар жакшы билет. Бир пикирге келүү, бир столго отуруп сүйлөшүү он сааттап, суткалап жүргөнү айтылууда. Албетте, бул жөнөкөй эмес, бирок абдан зарыл чечим эле. Чек ара жайгарылгандан кийин жаңжалдар жокко чыкты. Этап-этабы менен экономикалык, социалдык маселелер өз нугунда чечиле баштады.

Дүйнөлүк тажрыйбада чек ара дайыма 50/50 болуп чечилет. Мында уткан да, уттурган да тарап болбойт. Эгерде, 60/40 же 30/70 болуп калса, бул келечектеги жаңжалдарга жол ачат. Кайра талаш-тартыштар жаралат. Ошондуктан теңме-тең чечилет. Тажикстан менен Кыргызстан ортосундагы чек ара ушундай чечилди. Бул жерде ачык айтышыбыз керек, уттурган да, уткан да тарап жок. Бул эки мамлекеттин кызыкчылыгына бирдей жооп берет. Андан тышкары, Кыргызстандын Борбор Азиядагы орду өзгөчө",-деди ал.

Мамлекеттик жоопкерчилик жана саясий эрк көрүндү

Төлөгөн Сулайманов белгилегендей, чек ара маселесин чечүүгө болгон аракеттер башталгандан кийин “Борбор Азия+Америка”, “Борбор Азия+ Германия”, “Борбор Азия+Япония” сымал кызматташтык форматтар күчөй баштады.

"Дүйнөдө болуп жаткан жалпы процесстердин алкагында, чек ара талаштарынын тынч чечилүүсү стабилдүүлүккө жол ачат. Буга чейинки жетекчиликтерде деле ушундай мүмкүнчүлүк болгон. Бирок, көпчүлүгү жоопкерчиликтен качышкан. Азыркы өлкө жетекчилиги бул жоопкерчиликти мойнуна алып, ишти аягына чыгарганы Кыргызстандын келечеги үчүн чоң салым. Чек араны тактоо өтө масштабдуу иш-чара. Ал жерде атайын адистердин тобу, өкмөттөр аралык, мамлекеттер аралык комиссиялар иштеди. Бул чоң жоопкерчилик жана дыкаттык менен аяр чечимдерди кабыл алуучу процесс. Ошондуктан чечим кабыл алгандардын эмгегин баалай билүүбүз керек.