Кыргызстанды 2025–2030-жылдар аралыгында өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу чаралары экинчи баскычка өттү. Мамлекеттик органдар программанын алкагында ушул кезге чейин аткарган иштердин жыйынтыктарын чыгарып жатышат. “Кабар” агенттиги министрлер кабинетинин планы кандай жүзөгө ашырылып жатканы боюнча маалымат берүүнү улантат. Бул ирет өлкөнү кырсыктардан коргоо, куткаруу кызматтарын заманбапташтыруу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана агротармакты санариптештирүү багытында жүзөгө ашырылган иштер туурасында айтып берет.
2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралар планынын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2026-жылга карата кадамдарды белгилеген. Ал жылдын биринчи 3 айында 24%га аткарылды.
Ага ылайык төмөнкү иштер аткарылды:
Ысык-Көлгө куйган мөңгүлөрдүн аянтын аныктоо үчүн өрөөндөгү мөңгүлөрдү инвентаризациялоо тапшырмасы 30%га аткарылган. Учурда спутниктик сүрөттөр даярдалып, тарыхый маалыматтар топтолуп жатат.
Ала-Арча, Суусамыр, Кара-Дарыя суу бассейндеринде кар катмарын өлчөөчү аэровизуалдык рейкалар алынып келди.
Чүй дарыясынын кооптуу жээктерин бекемдөө иштери 80% аяктаган. Учурда дарыянын Аламүдүн, Ысык-Ата, Сокулук райондорундагы тилкелеринде курулуш иштери жүрүп жатат.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда курула турган “Ала-Тоо Резорт” кар көчкү станциясынын долбоордук документациясы иштелип чыгып, 2026-жылдын 20-майында президенттинин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз курулуш тейлөө” ишканасы менен келишим түзүлдү.
Голубина, Турген-Аксуу, Абрамов, Батыш-Сөөк мөңгүлөрүн изилдөө үчүн экспедиция пландалды.
Токойлорду калыбына келтирүү жана кеңейтүү боюнча план 40% аткарылды. Алсак, токой чарбалары тарабынан мамлекеттик токой фондунда 1606,98 гектар жерге токой өстүрүлгөн. Алардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында.
Калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын рекультивациялоону жүргүзүү тапшырмасынын алкагында Кызыл-Жар жана Төө-Моюн объекттеринде рекультивация иштери аяктаган.
Кооптуу табигый процесстер өнүгүп жаткан тилкелер боюнча маалыматтарды санариптештирүү жана изилдөө боюнча 200 кооптуу тилкени санариптештирүү толугу менен аткарылган. Ошондой эле 1200 кооптуу жайдын жарымынан ашыгы изилденип, тийиштүү чараларды көрүү боюнча сунуштар жергиликтүү башкаруу органдарына жөнөтүлгөн.
Ош жана Баткен облустарын климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу долбоорлору иштелип чыкты.
Жолдордун жана туристтик маршруттардын коопсуздугуна үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү системасын киргизүү чараларын ишке ашыруу үчүн ӨКМдин расмий сайтында туристтерди каттоого онлайн арыз берүү модулу жайгаштырылган. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга өз убагында чара көрүү жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында Каракол шаарында 112 чалуу борбору ачылды.
Туристтик каттамдарды жана аймактарды түзүү багытында өкмөт тарабынан 7000 метр бийиктикке чыгууга уруксат берүү системасын киргизүү максатында мекемелер аралык комиссия “Туризм жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Ал санариптик экономика, альпинизм, ESG стандарттары, туристтик ишмердүүлүктү лицензиялоо, гиддерди жана инструкторлорду аттестациялоо, тоо жана ачык чөйрөдөгү башка иш-чаралардын коопсуздугун камсыз кылууну камтыйт. ӨКМ тарабынан тоого чыгууда коопсуздукту камсыз кылуу, милдеттүү коштоо жана камсыздандыруу талаптары иштелип чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген табигый кырсыктардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурулууда.
“Кырсыктар тобокелдигин башкаруунун улуттук системасын чыңдоо тапшырмасынын алкагында инженердик курулуштарды жүргүзүү жана чыңдоо аркылуу инфраструктуранын туруктуулугун жогорулатуу иштерин жүргүзүү керек эле. Ушул кезге чейин ӨКМ тарабынан 3780 турак үй, 474 гектар айыл чарба жери корголду.
Министрлер кабинетинин планындагы 12 өрт-куткаруу бөлүмүн куруу иштери 80% аяктады. Белгиленген 12 имараттын курулушу бүтүп, тегерек-четин оңдоо, жашылдандыруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Ош жана Баткен шаарларында калкты үйрөтүү, кырсык учурунда эвакуациялоо жана товардык-материалдык баалуулуктарды сактоо боюнча көп функционалдуу борборлорду куруу 80% аткарылды.
Ал эми атайын техникалар паркын жаңыртуу жана жаңы жабдыктарды алуу 100% аягына чыгып, бөлүмдөргө 116 техника бөлүштүрүлүп берилди. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн тез чара көрүү механизмин киргизүү 100% ишке ашырылды.
ӨКМдин Кырсыктар медициналык кызматынын материалдык-техникалык базасын модернизациялоонун алкагында имаратта курулуш иштери жүрүп жатат. ӨКМдеги бюрократияны, административдик тоскоолдуктарды жоюуга багытталган иш-чаралардын планынын долбоору ички макулдашуу баскычына жетти. Санарип технологияларды жана чечимдерди киргизүү тапшырмасынын алкагында онлайн арыз берүү, жарандардын кайрылууларын, каттоолорду, жоопторду автоматташтыруу, акт, корутунду, сертификат сымал документтерди “Түндүк” порталы аркылуу берүү боюнча иштер аткарылып жатат”, — деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Өзгөчө кырдаалдардын таасири өлкө экономикасынын жана социалдык турмуштун негизги багыттарынын бири болгон суу ресурстарына, айыл чарбасына жана өндүрүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизери маалым. 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралар планында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине бир катар маанилүү милдеттер коюлган.
Аталган министрлик “Кабар” агенттигине тапшырмалардын катарындагы асыл тукум мал чарбасын жөнгө салуу жана агрочөйрөдөгү тейлөө иштерин санариптештирүү боюнча аткарылган иштер боюнча маалымат берди.
“Улуттук программада мал чарбасын, анын ичинде асыл тукум базасын жакшыртуу жана өнүктүрүү, интенсивдүү борго байлап семиртүү технологияларын, ошондой эле канаттууларды өстүрүүнү жана уяң жүндүү кой багууну колдоо аркылуу өнүктүрүү тапшырмасы берилген. Анын алкагында 2026-жылдын 7-апрелинде өлкө боюнча 232 мал чарба субъектине асыл тукум макамы ыйгарылды. Министр Эрлист Акунбеков жакында эле Арашан асыл тукум койлорун өстүрүүчүлөр менен жолугуп, породаны эл аралык рынокко чыгаруу планын билдирди.
Ал эми санариптештирүү боюнча акыркы кадамдарды айта турган болсок, "АгроСмарт" мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү тарабынан "РАӨБ Паспорту" жана “i-Dyikan” санариптик платформалары тааныштырылды.
Мындан тышкары, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү тарабынан АИС "АГРОМАП" автоматташтырылган маалыматтык системасы сунушталып, анын агрардык тармакта талдоо, мониторинг жүргүзүү жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алууну колдоо боюнча негизги мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
Ошондой эле "АБанк" жана "Элдик Банк" менен биргеликте жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн электрондук кезек системасы ишке киргизилди. 2026-жылдын 1-июнунан тартып арыздарды каттоо министрликтин "i-Dyikan" санариптик платформасы аркылуу аралыктан жүргүзүлөт. Фермерлер үчүн онлайн каттоодон өтүү, жеңилдетилген каржылоого арыз берүү, аралыктан кезекке туруу, арыздын абалын реалдуу убакыт тартибинде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү жаралды. Бул агроөнөр жай комплексин колдоого бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун ачыктыгын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган”, — деп билдирди Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги.
“Кабар” агенттиги 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралар планы мамлекеттик мекемелер тарабынан кандай аткарылып жатканы боюнча маалымат берүүнү улантат.