Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Бүгүн Чоң-Алай районун органикалык аймак статусуна өткөрүү боюнча атайын семинар өттү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, аталган район 2020-жылы расмий түрдө органикалык аймак катары түзүлгөн. Бүгүнкү семинар районду толугу менен органикалык аймак статусуна өткөрүү максатында уюштурулду.
Иш-чараны Чоң-Алай районунун акими Мирбек Шамырканов жана акимдин орун басары Т. Абдираимов министрликке караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарбасы департаменти менен биргеликте уюштурушту.

Семинарга район аймагындагы фермерлер жана айыл чарба адистери катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга органикалык аймак түшүнүгү, органикалык продукция өндүрүү талаптары, биопрепараттар жана энтомофагдарды колдонуу ыкмалары боюнча маалымат берилди.
Ошондой эле органикалык сертификациялоо процесси, талаптары жана сертификациялык стандарттар тууралуу кеңири түшүндүрмө жасалды. Катышуучулар суроолоруна жооп алышып, органикалык өндүрүштү өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды.
Бул иш-чара Чоң-Алай районунун экологиялык таза айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө, дыйкандардын органикалык өндүрүш боюнча тажрыйбасын жогорулатууга жана райондун органикалык статусун чыңдоого багытталган.