Чолпон-Атада жаштардын достугун чыңдаган III Түрк Универсиадасы расмий ачылды

Спорт Загрузка... 04 Сентябрь 2025 21:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 04.09.25. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында III Түрк Универсиадасы расмий ачылды.

Салтанаттуу иш-чараны Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Айбек Абдымомунов ачып, Түрк Универсиадасы спорттук мелдеш гана эмес, билим менен илим тармагындагы кызматташтыкты кеңейтерин айтты.

"Мелдеш жаштардын ортосундагы достукту жана боордоштукту чыңдоого багытталган чоң майрам. Сиздердин ар бириңиздердин катышууңуздар биздин элдердин келечегин жана жаштардын спорттук деңгээлин жогорулатат деп ишенем", - деди Айбек Абдымомунов.

Ачылыш аземде сөз сүйлөгөн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бир тууган боордош түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы 2021-жылдан бери жаңы деңгээлге жогорулаганын билдирди.

"Түрк мамлекеттер уюмуна Азербайжан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан мүчө, Венгрия менен Түркмөнстан байкоочу мамлекет. Бул мамлекеттер ортосунда түрдүү иш-чаралар өтүп жатат, анын бири Түрк Универсиадасы болуп саналат. Мындай иш-чаралар өлкөлөрдүн кызматташтыгын, достугун, биримдигин бекемдейт. Кыргызстанга келген спортчуларга мелдештерде ийгиликтерди каалайбыз", - деп белгиледи Эдил Байсалов.

Ошондой эле ал IV Түрк Универсиадасы 2027-жылы Түркияда өтөрүн кошумчалады.

Иш-чарада түрк мамлекеттеринин делегацияларынын мүчөлөрү "Кыргыз спортунун 100 жылдыгы" медалы менен сыйланды.

Салтанаттуу азем андан ары концерттик программа менен коштолду.

Белгилей кетсек, III Түрк Универсиадасына Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Азербайжандын студенттик курама командалары катышууда.

Жалпысынан иш-чарага 450дөн ашык делегация мүчөлөрү чогулду. Спортчулар спорттун жети түрү: дзюдо, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, шахмат, стол тенниси, волейбол, футзал боюнча таймашууда. Мелдештер 4-9-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Эске салсак, Түрк Универсиадасы Түрк Кеңешинин 2013-жылдын 16-августунда Габалада өткөн III жана 2014-жылдын 5-июнунда Бодрумда өткөн IV саммиттеринде Түрк мамлекеттеринин башчылары тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде уюштурулган.

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн III саммитинин декларациясында белгиленгендей, Түрк Универсиадасына Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер жана башка түрк тилдүү мамлекеттер катыша алат.

Түрк Универсиадасын түрк тилдүү мамлекеттердин бири жайкы же кышкы спорттук оюндар боюнча өткөрөт. Оюндар 5 милдеттүү спорт түрүн жана кабыл алуучу өлкө тандаган үчкө чейинки кошумча спорт түрлөрүн камтый алат.

Эске салсак, алгачкы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Универсиадасы 2018-жылы апрель айында Бакуда (Азербайжан), II Түрк Универсиадасы Казакстандын Түркстан шаарында 2023-жылдын ноябрь айында өткөн.

Анда Универсиаданын желеги Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнө тапшырылып, Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн III Универсиадасы 2025-жылы Кыргызстанда өтөрү белгилүү болгон.