Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. 30-июнда саат 10:00дөн 14:00гө чейин Чым-Коргон айылындагы Казакбаев көчөсүндө жайгашкан темир жол өтмөгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.
"Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришкендей, аталган бекет Токмок - Кемин аралыгынын 3858-чакырымында жайгашкан.
"Айланма жол катары Жаңы-Алыш айылындагы 3865-чакырымдагы темир жол өтмөгү пайдаланылат", - деп айтылат маалыматта.