Дастан Бекешев Бишкектеги Ботаникалык бакка футбол аянтчасын курууга нааразы

Жогорку Кеңеш Загрузка... 14 Январь 2026 17:00
WhatsApp Image 2026-01-14 at 18.16.31.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакка футбол аянтчасынын курулушуна карата нааразычылыгын депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мыйзамда так көрсөтүлгөндөй, Ботаникалык бак биоартүрдүүлүк жана илимий ишмердүүлүк үчүн түзүлгөн.

“Чындыгында Ботаникалык бак Бишкектин дем алган “өпкөсү” катары шаар үчүн абдан зарыл. Муну далай жолу айтып келебиз. Бул бак тууралуу өзгөчө коргоого алынган аймактар тууралуу мыйзамдарда да жазылган. Негизинен Ботаникалык бакты илимий ишмердүүлүк үчүн түзүшкөн.

Бирок, бүгүнкү күндө бул бакта эмне болууда? Биз 2022-жылдын 11-майында Ботаникалык бакты сактоо жана өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө токтом чыгарганбыз. Анда бардыгы так көрсөтүлгөн. Мисалы, мен башка өлкөлөргө барганда ушундай бакчаларына кирип, аларда кандай өнүгүп жатканын карайм. Бардык өлкөдө мындай бактар өнүгүп, көбөйүп жатат.

Бизде болсо Ботаникалык бакта футбол аянтачасын курууну чечишти. Өзгөчө коргоого алынган аймактар жөнүндө мыйзамда Ботаникалык бак биоартүрдүүлүк жана илимий ишмердүүлүк үчүн түзүлгөндүгү так жазылган. Ал эми Ботаникалык бакта футбол талаасы курулуп жатса, кайдагы биоартүрдүүлүк тууралуу айтабыз”,- деди Бекешев.

Ошондой эле ал өз сөзүндө футбол талааларын курууга каршы эместигин, бирок башка жерге курулушу керек экендигин баса белгиледи.

“Ооба, сөзсүз футбол талаалары керек. Бирок, менимче Ботаникалык бакка футбол талаасын курууну бир да футбол оюнчусу сураган жок болуш керек. Негизи бул бак футбол талаасын курууга багытталган эмес. Силерден суранам, келгиле футболду Ботаникалык бактан бөлүп карайбыз. Бул бак бишкектиктерге эле эмес, ал бардык кыргызстандыктар үчүн керек. Ал жакка эс алуу, сейилдөө үчүн көптөгөн адамдар келишет. Бирок, алар футбол ойноо үчүн келишпейт. Оюнга башка орундар бар, силерге футбол талаасын курууга башка жерлерди таап бере алам. Президенттен да ушул маселеге көңүл буруп коюшун сурайм, Ботаникалык бакта футбол талаасы керек эмес”,- деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда эки ботаникалык бакча бар. Бири Бишкекте, экинчиси Нарында жайгашкан. Бишкекте бакча эки жерде, тагыраагы И. Ахунбаев көчөсүнөн ылдый 12-кичи районго чейин жана М. Горький көчөсүндө орун алган.