Депутат Roblox жана Minecraft оюндарына чектөө киргизүүнү сунуштады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 21 Январь 2026 17:15
nBkSUhL2h1Igmce3I76.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.01.26 /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Аматов кезектеги жыйында балдардын интернетти жана онлайн-оюндарды колдонуусуна чектөө киргизүү маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, мектеп окуучулары топ-тобу менен Roblox жана Minecraft сыяктуу оюндарды мектептерде ойноп жатышат.

“Бул оюндарда ар кандай адамдар бар. Балдар алар менен комментарийлер аркылуу кат алышат. Алардын арасында ою жаман адамдар, анын ичинде педофилдер да болушу мүмкүн. Ошондой эле балдар ата-энелеринин банктык карталарынан акча которгон учурлар да катталган”,-деди депутат.