Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Парламенттен билдиришкендей, мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген.
Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Медербек Туманов мыйзам долбоорунун максаты жана милдеттери укуктук карама-каршылыктарды жокко чыгаруу экенин белгиледи.