Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Махабат Мавлянова өнөр жай ишканаларынан, анын ичинде цемент заводдорунан чыккан зыяндуу заттарды өлчөй турган атайын жабдуулар бар-жогуна кызыкты.
Анын айтымында, цемент заводдорунан чыккан түтүн борбор калаага чейин жетүүдө.
"Орок айылындагы кирпич заводунан чыккан кара түтүн Таш-Мойнок, Кашка-Суу айылдарына чейин тарайт, атүгүл "Ала-Арча" паркына чейин жетет. Эмне үчүн булар көзөмөлдөнбөйт?", — деп нааразы болду ал.
Ага жооп катары жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Алмаз Мусаев Бишкек ЖЭБинде жана цемент заводдорунда фильтрлер орнотулганын билдирди.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бекитилген насыялык-гранттык келишимдин алкагында абанын булганышын өлчөөчү датчиктер сатып алынарын маалымдады.
"Бул өлчөгүчтөр орнотулгандан кийин ишканаларга айып пулдар салынат", — деди ал.