Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитети «Кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мөөнөттөрү тууралуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап чыкты.
Түшүндүрмө-негиздемеде акыркы жылдары кодекстерге бат-баттан өзгөртүүлөр киргизилип жатканы байкалганы, бул жарандар менен бизнестин укуктук системага болгон ишенимин азайтып, мыйзамдардын колдонулушун татаалдаштырып, экономика менен социалдык чөйрөдө узак мөөнөттүү стратегияларды түзүүгө тоскоол болуп жатканы белгиленген. Мыйзам долбоорунун демилгечилери мындай норма өзгөртүүлөрдү сапаттуу анализдөөгө жана мыйзам базасынын туруктуулугун камсыздоого шарт түзөрүн белгилешти.
Мыйзам долбоорун юстиция министринин орун басары Сайра Ызакова тааныштырды. Анын айтымында, долбоор укуктук жөнгө салуунун туруктуулугун жогорулатууга жана укуктук белгисиздикти азайтууга багытталган. Мындай чектөөлөр буга чейин салык жана санариптик кодекстерге киргизилген.
Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары бул мыйзам долбооруна каршы чыгып, сунушталган өзгөртүүлөр Конституцияга жана депутаттардын укуктарына каршы келерин белгилешти.
Министрдин орун басарынын айтымында, бардык ыйгарым укуктуу органдар мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү жылына бир жолу гана сунуштай алышат. Өзгөчө кырдаалдарда, кризистик учурларда же форс-мажорлордо жагдайлар өзгөчө болуп саналат жана президенттин демилгеси жана Конституциялык соттун чечими менен киргизүү мүмкүн болот.
Депутаттар бул мыйзам долбоорун кескин сынга алып, талкуусуз эле кайра кайтарууну сунушташты.