Дин жана этностор аралык мамилелер: Учурдагы абал жана илимий изилдөөлөр талкууланды

Коом Загрузка... 04 Февраль 2026 18:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. Бүгүн, 4-февралда мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында президенттин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин жыйыны болуп өттү.

Мамлекеттик катчы кириш сөзүндө президенттин алдындагы консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналган жана этностор аралык өнүгүү, улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат чөйрөсүндөгү мамлекеттик багытын түзүү жана ишке ашырууда эксперттик коомчулуктун потенциалын пайдалануу керектигине токтолду.

Буга байланыштуу ал мындан ары байма-бай жүз көрүшүп туруу зарылчылыгын белгиледи.

Жыйындын күн тартибинде Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү тарабынан Кыргызстандагы диний жана этностор аралык мамилелер боюнча кырдаалдын учурдагы абалы, ошондой эле диний жана этностор жаатында жүргүзүлгөн изилдөөлөр талкууланды.