Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Дүйнөлүк энергетика ири трансформацияны баштан кечирүүдө. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин энергетика министрлеринин VI кеңешмесинде Кыргыз Республикасынын энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшү, санариптештирүү жана энергетикалык коопсуздук маселелери бардык өлкөлөр үчүн бирдей актуалдуу болууда. Мындай шартта ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара координация өзгөчө мааниге ээ.
"ШКУ мейкиндигинде дүйнөдөгү эң ири энергетикалык рыноктор, олуттуу өндүрүүчү кубаттуулуктар жана чоң илимий-техникалык потенциал топтолгон. Энергетикалык системалардын өз ара байланышын жогорулатуу ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн арттырууга, энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жол ачат", — деп белгиледи Алтынбек Рысбеков.
Энергетика министрлигинин башчысы климаттык күн тартибине да өзгөчө көңүл бурду.
"Бул маселелер климаттын өзгөрүшү, жүктөмдөрдүн өсүшү жана энергия тутумунун режимдерин башкаруу боюнча заманбап чечимдерди талап кылган кайра калыбына келүүчү энергия булактарынын үлүшүнүн көбөйүшү шартында өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Муну менен бирге, гидроэнергетика энергетикалык тутумдун негизи жана туруктуу өнүгүүнүн эң маанилүү куралдарынын бири катары кала берет", — деди министр.