Конго менен Угандада Эбола вирусунун жайылуу коркунучу күчөдү – ДССУ

Ден соолук Загрузка... 21 Май 2026 14:15
6df03d76782c81ea850d80df86bbb702.webp
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Конго Демократиялык Республикасында жана Угандада Эбола вирусунун жайылуу коркунучу улуттук жана аймактык деңгээлде жогору, ал эми глобалдык коркунуч төмөн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдиргенин Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Женевада ДССУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитетинин жыйыны өтүп, анда уюмдун башчысы учурда Эбола вирусун жуктурган деп шектелген 600гө жакын учур жана 139 өлүм катталганын билдирди.

Анын айтымында, Конгонун түндүк провинцияларында инфекция жуктурган 51 учур тастыкталган, бирок өлкөдөгү эпидемиянын чыныгы масштабы алда канча кеңири. Вирус ошондой эле Конгодо иштеп жүргөн жана Германияга эвакуацияланган АКШ жаранынан да аныкталган.

Тедрос Адханом Гебрейесус олуттуу кооптонууну жараткан бир нече факторлорду санап өттү.

"Биринчиден, эпидемия аныкталганга чейин вирус узак убакыт бою айланып жүргөнүн эске алганда, бул көрсөткүчтөр дагы өсүшү мүмкүн. Экинчиден, эпидемия чоң аймакты камтыды: оорулуулар бир нече шаарларда аныкталууда. Үчүнчүдөн, медицина кызматкерлеринин өлүмү катталды, бул вирус медициналык жардам көрсөтүү процессинде жайылып жатканынан кабар берет. Төртүнчүдөн, эпидемиялык зонада калктын интенсивдүү жер которуусу жүрүүдө. Бешинчиден, бул эпидемия эболавирустардын бири - Бундибугио вирусу тарабынан козголгон, ага каршы катталган вакциналар же дары-дармектер жок", - деп билдирди ал.