Кыргызстанда билим берүү тармагында санариптик мүмкүнчүлүктөр кеңеет

Билим Загрузка... 22 Июль 2026 17:10
21e6ed39-5ff8-45ad-b55e-4942d8494637.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Кыргызстандын билим берүү тармагын санариптештирүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Бүгүн "Кызмат" мамлекеттик мекемесинде "Түндүк" ААК менен биргеликте Агартуу министрлигинин жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жетекчиликтеринин катышуусунда ведомстволор аралык жумушчу жолугушуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрликтер учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлору менен тааныштырып, билим берүү тармагында санариптик чечимдерди өнүктүрүү жана өркүндөтүү, ошондой эле биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу багытында пикир алышышты.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, бүгүнкү күндө билим берүү тармагында окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер санарип платформаларга туташып, аларды активдүү пайдаланып жатышат. Алардын катарына "Э-Күндөлүк", "Мугалим" автоматташтырылган маалымат тутуму жана башка санариптик тиркемелер кирет. Мындай өзгөрүүлөр окуу процессин жеңилдетүүгө, билим берүү тутумунун ачыктыгын камсыздоого жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун жыйынтыгында белгиленген иш-чараларды ыкчам ишке ашыруу боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлуп, мындан аркы кызматташуунун негизги багыттары аныкталды.