Египетте куралчан адам жолдон өткөндөргө ок чыгарып, 8 кишини өлтүрдү

Дүйнө Загрузка... 19 Май 2026 16:55
6.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Египетте куралдуу адам жолдон өткөндөргө туш келди ок чыгарып, сегиз кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ агенттиги билдирди.

Египеттин Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, окуя Каирден түштүктү көздөй 300 чакырым алыстыкта жайгашкан Абнуб шаарындагы автобус бекеттеринин биринде болгон. Кандуу окуядан улам дагы беш адам ар кандай жаракаттарды алган.

Кылмышкер окуя болгон жерден качып кеткен соң, укук коргоо органдары анын изине түшүп, айыл чарба талааларынын биринен курчоого алышкан. Ал полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, атышуу учурунда жок кылынган.

Министрликтин билдирүүсүндө, кылмышкер көптөн бери психологиялык көйгөйлөрдөн жабыркап, Каирдеги психиатриялык ооруканалардын биринде дарыланып жүргөнү айтылат.

Учурда Египеттин укук коргоо жана сот органдары бул окуя боюнча расмий тергөө иштерин баштады.