Экологиялык көзөмөл: Ысык-Көлдө мыйзам бузгандарга ири айып салынды

Укук тартиби Загрузка... 17 Июнь 2026 09:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экологиялык көзөмөл кызматы

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө экологиялык рейд өтүп, мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузган бир катар фактылар аныкталды. Анын негизинде укук бузуу жөнүндө 8 административдик протокол түзүлүп, жалпысынан 111 миң 500 сом айып пул салынды.

"Курчап турган чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык укук бузуулардын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун аймагында рейддик иш-чаралар туруктуу негизде уланат", - деп айтылат маалыматта.