Ысык-Көлдө өтө турган суу үстүндөгү Формула-1 (UIM F1H2O) боюнча алдыдагы дүйнө чемпионаты коомчулукта кызуу талкууларды жаратты. Кыргызстандыктарды тынчсыздандырган башкы суроолор мындай жарыштарды уникалдуу биосфералык көлдө өткөрүүнүн коопсуздугуна тиешелүү. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов "Кабар" агенттигине берген маегинде бул чемпионат Ысык-Көлдүн экологиясына коркунуч туудурабы, жарыштар кандай стандарттар менен уюштурулат жана бул иш-чара Кыргызстан үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат деген суроолорго кеңири токтолду.
— Сиз жакында эле суу үстүндөгү Формула-1 боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан Европадан кайттыңыз. Жумушчу сапарыңыздан кийин кандай жыйынтыкка келгениңизди айтып берсеңиз?
— Сардиния аралына болгон үч күндүк иш сапарымдын алкагында мен бул аймактын мамлекеттик катчысы жана өкмөт өкүлдөрү менен жолуктум. Ошондой эле чемпионаттын түздөн-түз уюштуруучулары менен жолугушууларды өткөрүп, анда инфраструктуралык, инженердик жана экологиялык маселелерди деталдуу түрдө талкууладык.

Белгилүү болгондой, Сардиния – бул Италиянын түштүгүндөгү бай тарыхы бар арал. Бул жерде ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастарынын бир нече объектиси жайгашкан, ал эми аймактын борбору Кальяри шаарынын жээгинде эки-үч биосфералык парк бар.
Мындай катуу коргоо статусуна ээ аймакта ушунчалык масштабдуу жарыштарды кантип уюштурууга мүмкүн болду деген суроого Сардиния өкмөтүнүн өкүлдөрү бул жерде Европа биримдиги жана БУУнун экологиялык стандарттары жогорку деңгээлде сакталарын айтышты. Дүйнө чемпионатын өткөрүүнү жактырардан мурун көз карандысыз эксперттер изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Эгерде экологияга же суу ресурстарына зыян келтирүү коркунучу минималдуу деңгээлде болсо дагы, аралдын жетекчилиги бул кадамга бармак эмес.
— Комиссиянын иши жөнүндө кененирек айтып бере аласызбы?
— Жарыштарды уюштуруу үчүн атайын комиссия түзүлөт, ал жарыштарга чейин, жарыш учурунда жана андан кийин суу акваториясына мониторинг жүргүзөт, мында суунун аянты 1 чакырым радиуста изилденет. Чемпионат аяктагандан кийин чөйрөнүн абалын текшерүү үчүн суудан кайрадан үлгүлөр алынат.

Сапардын алкагында бизди суу үстүндөгү Формула-1 текшериле турган БУУ жана ЕБдин экологиялык регламенттери менен дагы кеңири тааныштырышты. Бизге жарыш катеринин ички түзүлүшүн: кыймылдаткычтын, коопсуздук системаларынын жана кемени чөгүп кетүүдөн коргой турган атайын аба жаздыкчаларынын жайгашуусун көрсөтүп беришти. Спорттун бул түрү инженерия менен технологиялардын өнүгүү деңгээли боюнча мыйзамдуу түрдө алдыңкы орунда турат.
Техникалык спорт дайыма тобокелчиликтер менен коштолот, Кальяридеги жарыш да четте калган жок. Ал жерде бир нече катерлердин кагылышуусу орун алды. Бирок, кайыктардын жана моторлордун уникалдуу конструктивдик өзгөчөлүктөрүнүн аркасында чөгүп кетүүдөн сактануу мүмкүн болду, ал эми күйүүчү май сууга түшкөн жок. Пилоттор өздөрү жабыркаган жок. Болуп жаткан окуяга 50 метр аралыктан 10 миңден ашык көрүүчү көз салып турду, эгерде майдын кичине эле төгүлүшү болсо же кандайдыр бир тетик чөгүп кетсе, биз аны дароо көрмөкпүз.
— Бул чемпионатты өткөрүүдөн Сардиния өкмөтү эмне алды?
— Сардиния аралындагы биринчи этаптын трансляциясы дүйнөнүн 100-120 өлкөсүнүн телеканалдарында көрсөтүлдү, ал эми социалдык тармактар аркылуу онлайн режиминде бир миллиондон ашык адам байкап турду. Эки күндүн ичинде эле жарыш трибуналарына 20 миңден ашык көрүүчү түз келип көрүштү.

— Ал эми Кыргызстан эмне алат?
— 31-июлдан 2-августка чейин Кыргызстанда экинчи этаптын өткөрүлүшү өлкөнүн таанылышына жана туризмдин өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет. Ошондой эле 100дөн ашык өлкөдөн ири телерадиокорпорациялардын келиши күтүлүүдө, АКШ, Европа, Швеция, Кытай жана БАЭден пилоттору менен кошо 25 технологиялык катер келет. Масштабдуу түз алып көрсөтүүнүн аркасында Кыргызстан бүткүл дүйнө жүзү боюнча эбегейсиз жарнама алат.
Суу үстүндөгү жарыштардын өзү жалпысынан эки күндө болжол менен 3,5 саатты түзөт. Белгилеп кетүүчү жагдай, коноктордун чоң агымын кабыл алуу биздин инфраструктура үчүн олуттуу милдет болуп саналат. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 10 миңден ашык турист келиши күтүлүүдө. Чет элдик коноктор азыртадан эле орундарды ээлеп жатышат, Чолпон-Атанын мейманканаларында жарыш өтө турган күндөргө бош бөлмөлөр дээрлик калган жок. Иш-чараны өткөрүү Кыргызстандын ушундай масштабдагы эл аралык долбоорлорду кабыл алууга даяр экендигинин далили катары каралууда.

— Анда эл эмнеден кооптонуп жатат? Буга негиздер бар болсо керек?
— Мен жарандарыбыздын тынчсыздануусун жана кооптонуусун абдан жакшы түшүнөм. Учурда маалыматтык мейкиндикте көптөгөн ушак-айыңдар жана так эмес маалыматтар жүрөт. Бул биринчи кезекте, расмий маалыматтын жетишсиздигинин натыйжасы. Бул биздин кемчилигибиз экенин моюнга алам. Биз калк менен тийиштүү деңгээлде байланышты камсыз кыла алган жокпуз.
Суу үстүндөгү Формула-1 боюнча дүйнө чемпионаты 1981-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул убакыттын ичинде ал Лондон, Сингапур, Шанхай, Дубай, Санкт-Петербург жана Европанын башка ири шаарларында өткөн. Дүйнөнүн ири борбор шаарлары жана мегаполистери, эгерде алардын экологиясына жана суу ресурстарына кичине эле коркунуч туудура турган болсо, бул чемпионатты өзүндө өткөрүүгө эч качан макул болушмак эмес.

Чемпионаттын кезектеги этабын Шанхай ушул жылдын октябрь айында эле кабыл алат. Болжолдоолор боюнча, бул шаардагы эң масштабдуу иш-чаралардын бири болот, болгону 2-3 күндүн ичинде мегаполис бүткүл дүйнө жүзүнөн 200-300 миңден ашык туристтердин жана күйөрмандардын агымын күтүүдө.