Бишкек, 22.07.26 /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги Москва облусундагы Электросталь жана Тамбов облусундагы Котовск шаарларындагы Wildberries-Russ компаниясынын логистикалык кампаларына жасалган чабуулдан улам жабыркаган ата мекендик ишкерлердин чыгымын баалоо иштерин координациялоодо.
Министрликтин маалыматына ылайык, буга карата 21-июлда экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Wildberries-Russ компаниясынын өкүлү Александр Воробьев менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда чабуулдун кесепеттери талкууланып, бул окуядан кампаларда товарлары сакталган Кыргызстандын тигүү тармагынын ишкерлери дагы жабыркаганы белгиленди.
Wildberries-Russ компаниясынын өкүлдөрү учурда келтирилген зыянды баалоо иштери жүрүп жатканын маалымдашты. Анын алкагында кампалардын жабыркаган бөлүктөрү аныкталып, сакталган товарлар, анын ичинде кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн продукциясы инвентаризациядан өткөрүлүүдө.
Баалоо иштери аяктап, министрликтин жүргүзгөн талдоосу аяктагандан кийин маселелерди жөнгө салуу жана биргелешкен чечимдерди кабыл алуу үчүн кошумча эки тараптуу жолугушуулар уюштурулат.
Мындан тышкары, Экономика жана коммерция министрлиги ата мекендик тигүү тармагынын өкүлдөрүнүн алдын ала чыгымын аныктоо максатында сурамжылоо жүргүзүп, маалыматтарды чогултууда