Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги өзгөрүү: Эмнеге көп кабаттуу мейманканаларды курууга болбойт?

Экономика Загрузка... 22 Июль 2026 15:40
1.webp
copyright icon WWW

Ысык-Көлдүн түштүк жээги узак жылдар бою активдүү курулуштар жүрүп жаткан түндүк жээктин көлөкөсүндө калып, туристтерге кол тийбеген жаратылышты жана минималдуу сервисти гана сунуштап келген. Бирок бүгүн аймак тектоникалык өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. БалыкчыБарскоон негизги трассасы реконструкцияланууда, Кытай менен жаңы эл аралык дарбаза ачылып жатат, ал эми мамлекет туруктуу өнүктүрүү концепциясын киргизүүдө, бул түштүктөгү туризмге болгон мамилени биротоло өзгөртөт. Түштүк жээктин трансформациясы кантип өтүп жатканы, эмне үчүн бул жерде көп кабаттуу мейманканалар курулбай турганы жана инвесторлор үчүн кандай келечек ачылып жатканы тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Эрденет Касымов "Кабар" агенттигине айтып берди.

Өнүгүүнүн жаңы жолу

Касымовдун айтымында, бүгүн Ысык-Көлдүн түштүк жээги өзүнүн тарыхый бурулушун баштан кечирүүдө. Узак убакыт бою түштүк өнүккөн түндүк жээктин көлөкөсүндө калып келген, бирок азыр кырдаал түп-тамырынан бери өзгөрдү.

"Биздин негизги милдетибиз – "акылдуу" модернизацияны өткөрүү. Биз түндүк жээкти анын жыш курулуштары жана массалык жээк туризми менен көчүрүп алгыбыз келбейт. Максат – түштүк жээкти нукуралыктын, экотуризмдин жана маданий мурастардын чеби катары сактап калуу, ошол эле учурда мейманга эл аралык деңгээлдеги ыңгайлуулукту тартуулоо", - деди ал.
2

Эрденет Касымов 2026-жылы бул милдет дароо бир нече негизги багыттар боюнча чечилип жатканын белгиледи.

Транспорттук революция: БалыкчыБарскоонКаракол жолу

Ал айланма жолдун 141 чакырымдык түштүк бутагын реконструкциялоо иштери аяктап калганын белгиледи. Анын айтымында, трассанын алгачкы 25 чакырымы толугу менен аяктады. Ал эми Бөкөнбаев жана Боз-Бешик айылдарынын айланасындагы негизги тилкелерде акыркы асфальт-бетон төшөө иштери активдүү жүрүүдө.

Касымов белгилегендей, бөлүүчү барьерлери бар заманбап төрт тилкелүү магистраль логистиканы түп-тамырынан бери өзгөртөт.

"Туристтер мындан ары "Жомок" каньонуна же Барскоон капчыгайына жетүү үчүн бузулган жолдордо сааттап убакыт коротушпайт. Ыңгайлуулук жолдон башталат", – деди ал.
3

Маанилүүсү, трассанын боюнда бирдиктүү стандарт боюнча заманбап эс алуу зоналары, санитардык аялдамалар жана май куюучу комплекстер курулууда. Касымов түштүккө ушул негизги сервис жетишпей келгенин айтты.

Жаңы эл аралык дарбаза: "Бедел" өткөрүү пункту

Анын айтымында, Кытай менен чек арада (Жети-Өгүз районунда) "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы – бул стратегиялык жылыш. 2025-жылдын май айынан тарта пункт жеңил транспорт үчүн үзгүлтүксүз режимде иштеп жатат, ал эми дал азыр бийик тоолуу ашуулар аркылуу Барскоон – Бедел капиталдык трассасынын масштабдуу курулушу жүрүүдө. Логистикалык комплексти толук ишке киргизүү 2027-2029-жылдарга пландаштырылган.

4
"Түштүк аймак туюк жолдой болгон абалдан чыгууда. Биз дал ушул табигый жаратылыш жана көчмөн маданияты үчүн келе жаткан саякатчылардын агымын күтүп жатабыз. Тоолорго тийгизген зыянды азайтуу үчүн бул жолдун инфраструктурасы экологиялык стандарттар боюнча нөлдөн баштап долбоорлонууда, анын ичинде электромобилдер үчүн кубаттоочу станциялар жана уюштурулган кароо аянтчалары бар", – деп түшүндүрдү директордун биринчи орун басары.

Нукуралык менен ыңгайлуулуктун тең салмактуулугу ("Тескей Ысык-Көл" концепциясы)

Касымов түштүк жээктин кайталангыс табигатын сактап калуу концепциясына өзгөчө көңүл бурду. 2026-жылдын жай айында "Тескей Ысык-Көл" туристтик кластеринин концепциясы бекитилген, ал туруктуу өнүгүүнү биринчи орунга коёт.

"Биз түштүк жээкти мыйзамдар жана стратегия аркылуу башаламан курулуштан коргоп жатабыз", – деп баса белгиледи ал.

Анын айтымында, Бөкөнбаевдеги аңчылык жана Кызыл-Туу айылындагы боз үй жасоо сыяктуу иш-чаралар негизги тартуучу күч бойдон калууда. Бирок, азыр алар так графиктер жана кесипкөй гиддер менен коштолгон, жакшы иштелип чыккан туристтик продуктулар түрүндө сунушталууда.

"Көп кабаттуу пансионаттардын ордуна биз премиум класстагы боз үй лагерлерин жана глэмпингдерди өнүктүрүүгө басым жасайбыз. Мындай боз үйдүн ичинде коноктор ортопедиялык төшөктөр, ысык душ, жогорку сапаттагы жабдуулар жана ресторан деңгээлинде сунушталган улуттук тамак-аш менен ыракаттанат, ал эми эшиктин дал босогосунда болсо ошол эле кол тийбеген, таза табият жайгашкан", - деп баса белгиледи ал.
5

Анын айтымында, Жети-Өгүз жана Барскоон капчыгайлары туристтердин көбөйгөн агымын көтөрө алышы үчүн жергиликтүү дестинациялар Жаратылыш ресурстары министрлиги менен биргеликте Тескей Ала-Тоодогу чыйырларды маркалоону жана калдыктарды утилизациялоону катуу көзөмөлдөөнү киргизип жатышат.

Мегадолбоорлордон баш тартып, реновацияга басым жасоо

Касымов бул жерде эч кандай мегадолбоорлор, мейманкана-асман тиреген имараттар же массалык агрессивдүү курулуштар пландалбаганын жана болбой турганын баса белгиледи.

"Биз түштүктү экинчи түндүккө айландыруу идеясынан принципиалдуу түрдө баш тарттык. Классикалык түшүнүктөгү ири инвестициялык долбоорлор, башкача айтканда, бетон коробкаларга жээктин чакырымдаган жерлери сатып алынган учурлар түштүк жээкте жок. Биздин инвестициялык саясатыбыз бул жерде эки негизге таянаат: советтик мурастарды реновациялоо жана эко-бизнес", - деп билдирди ал.

Анын айтымында, жаңы объекттерди "нөлдөн" баштап куруунун ордуна, инвесторлор жылдар бою бош турган, жарым-жартылай кароосуз калган советтик пансионаттарды алып, аларды заманбап дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтырууда. Бул жаңы жерлерди ээлебөөгө жана буга чейин тартылган коммуникацияларды колдонууга мүмкүндүк берет.

6

Анын пикиринде, терең кайра квалификациялоонун жаркын мисалы мурунку "Алтын жээк" пансионаты – "Номад Кэмп" болуп, эски пансионат ультразаманбап спорттук-чыңдоо комплексине айланганын баса белгиледи. Бул жерде машыгуулар, спорттук жыйындар жана активдүү эс алуу үчүн база түзүлгөн.

Ошондой эле "Бустон" отели да толугу менен жаңыланууну баштан кечирүүдө. Анын айтымында, узак убакыт бою бул объект кароосуз калган. Бүгүн ал өзүнүн мурдагы атмосферасын сактап калуу менен жогорку деңгээлдеги сервиси бар заманбап, ыңгайлуу мейманканага толугу менен өзгөрдү.

Муну менен катар Касымов билдиргендей, учурда "Жети-Өгүз" санаториясы азыр масштабдуу жаңыланууну баштан кечирүүдө. Ал дарылоо корпустарын, номерлерди жана инфраструктураны этап-этабы менен модернизациялоо жүрүп жатканын белгиледи. Максат — капчыгайдын кайталангыс табигый дарылоо факторлорун сактап калуу менен медициналык тейлөөнүн жана сервистин сапатын эл аралык деңгээлге көтөрүү.

Чакан жана орто эко-бизнести өнүктүрүү

Анын айтымында, бүгүнкү күндө түштүк жээктеги инвестициялардын негизги көлөмү трансулуттук корпорациялардан эмес, жайгаштыруунун чакан, экологиялык формаларына каражат жумшап жаткан жергиликтүү жана ички инвесторлордон келүүдө. Ал түштүк үч багыт боюнча өлкөнүн абсолюттук лидери болуп калганын баса белгиледи:

Ыңгайлуу конок үйлөрү (Guest Houses)

Касымов жергиликтүү тургундар өз үйлөрүн модернизациялоого активдүү инвестиция салып, чакан үй-бүлөлүк мейманканаларды (B&B) ачып жатышканын белгиледи. Бул түз эле жергиликтүү калктын кирешесин көтөрөт.

Премиум класстагы боз үй лагерлери

Бул жөн гана чатырлар эмес, ички жасалгасы жана сервиси жакшы мейманканага жооп берген, бирок ошол эле учурда 100% нукуралыгын сактаган толук кандуу этно-комплекстер.

7

Глэмпингдер

Жээкте жана тоо этектеринде куполдук жана модулдук эко-отелдер активдүү курулуп жатат. Алар мобилдүү, тонналаган бетон куюуну талап кылбайт, оңой демонтаждалат жана экосистемага зыян келтирбейт.

Мамлекеттин чакан бизнеске колдоосу

Мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин биринчи орун басары тутумдук мамлекеттик колдоосуз түштүк жээктеги чакан бизнес жаңы чакырыктарга туруштук бере алмак эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, мамлекет бүгүнкү күндө катаал көзөмөлдөөчү катары эмес, стратегилык өнөктөш жана өзгөрүүлөрдүн катализатору катары чыгууда.

Ал так айтканда, өкмөттүн аймактагы учурдагы бардык иши үч кубаттуу түркүккө таянарын баса белгиледи:

  1. Стратегилык багыт: 2030-жылга чейин туризмди туруктуу өнүктүрүү программасы

Анын айтымында, түштүк жээктеги бардык аракеттер – асфальт төшөөдөн баштап кол өнөрчүлөрдү колдоого чейин – бирдиктүү мамлекеттик логикага баш ийдирилген.

8
"Биз 2030-жылга чейин туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында гана иштейбиз. Бул документ мыйзам түрүндө түштүк жээкке экологиялык жана маданий-таанып билүү туризми зонасы статусун бекитти. Программа капчыгайларга жана жээктерге түшкөн антропогендик жүктөмдү так регламенттейт, калдыктарды утилизациялоо эрежелерин аныктайт жана жашыл технологияларды киргизүүнү стимулдайт. Бул узак мөөнөттүү стратегиянын аркасында бул жерде иретсиз курулуш жүргүзүү түбү менен четтетилди – инвесторлор кандай катаал эко-стандарттарды сакташы керектигин алдын ала билишет", – деп түшүндүрдү директордун биринчи орун басары.
  1. KGSTD долбоору: Чакан жана орто бизнес үчүн сервисти жаңылоо

Касымов түштүктүн негизги көйгөйү узак убакыт бою жаратылыштын жоктугунда эмес, сервис көндүмдөрүнүн жетишсиздигинде болгонун белгиледи. Бул көйгөйдү чечүү үчүн мамлекет эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте Туруктуу туризмди өнүктүрүү боюнча масштабдуу долбоорду (KGSTD) жайылтты.

Анын айтымында, басым региондогу чакан жана орто ишкердикти колдоого гана багытталган:

  • Масштабдуу тренингдер. Ал дал азыр Түп, Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы жүздөгөн конок үйлөрүнүн, боз үй лагерлеринин ээлери, гиддер жана ашпозчулар акысыз окуудан өтүп жатышканын баса белгиледи. Аларды меймандостуктун эл аралык стандарттарына, санитария негиздерине (HACCP), меню калькуляциясына, санариптик маркетингге жана базалык англис тилине үйрөтүшүүдө.
  • Кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу. Ал KGSTD долбоору жергиликтүү тургундарга жөнөкөй айылдык үйдү кирешелүү, цивилизациялуу жайгаштыруу объектисине (B&B) айландырууга жардам берерин белгиледи, ал жерде мейман таза төшөккө, коопсуз тамак-ашка жана жогорку деңгээлдеги камкордукка кепилдик алат.
  1. Жер-жерлердеги сервис тармагы: ТИЦтер жана Рестпоинттер (RestPoints)

Анын айтымында, турист түштүк маршрутунун каалаган чекитинде өзүн корголгон жана ыңгайлуу сезиши үчүн, мамлекет жол боюндагы жана маалыматтык инфраструктураны активдүү өнүктүрүүдө:

  • Туристтик-маалыматтык борборлор (ТМБтер). Касымов түштүк жээктин негизги чекиттеринде туристтик-маалыматтык борборлор тармагы жайылтылганын кабарлады. "Бул жерден саякатчылар – ички туристтер да, жаңы "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу кирген чет элдиктер да – акысыз карталарды ала алышат, сертификатталган гидге буйрутма бере алышат, тоо чыйырларынын абалы жөнүндө билип, текшерилген конок үйүн ээлеп коё алышат. Бул саякат логистикасын европалык деңгээлге чыгарат", - деди ал.

9
  • Заманбап Рестпоинттер (RestPoints). Анын айтымында, Балыкчы – Каракол түштүк трассасында заманбап жыл бою иштөөчү эс алуу чекиттери толук күчүндө иштеп жатат. "Ар бир мындай Рестпоинт – бул жөн гана таза коомдук даараткана эмес (бул туризм үчүн өтө маанилүү), ошондой эле гаджеттерди же электромобилди кубаттоого, кофе ичүүгө, туристтик маалымат алууга жана жергиликтүү кол өнөрчүлөрдөн сувенирлерди сатып алууга мүмкүн болгон чекит", - деп түшүндүрдү ал.

Туристтердин агымынын өсүшү жана жаңы аудитория

Директордун биринчи орун басары белгилегендей, акыркы үч жылдын динамикасы көрсөтүп турат: дүйнөдө нукуралыкка болгон суроо-талап экспоненциалдуу түрдө өсүүдө. Анын айтымында, эгер мурда түштүк жээк туристтерди негизинен «толкун сыяктуу» кабыл алып, түндүктөн бир топ артта калса, бүгүн биз туристтик агымдын туруктуу, сапаттуу өсүшүн көрүп жатабыз. Тармактык дестинациялардын расмий маалыматтары боюнча, акыркы үч жылда түштүк жээкте эс алуучулардын жалпы агымы дээрлик 35%га өскөн.

"Бирок сандык көрсөткүчтөрдөн да алда канча маанилүүсү – бул агымдын түзүмүнүн түп-тамырынан бери өзгөрүшү. Бизге таптакыр башкача, аң-сезимдүү турист келүүдө. Түштүк жээк өзүнө көчмөн маданиятынын жана укмуштуу окуялар туризминин дүйнөлүк борбору статусун биротоло бекитти", – деди ал.

Касымов Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү азыркы меймандын портрети кимдерден турарын айтып берди:

  1. Дүйнөлүк аудитория үчүн магниттер: Көчмөн маданиятынын фестивалдары

Анын айтымында, жылдан-жылга миңдеген чет элдиктерди чогулткан окуялык туризмдин негизги драйвери – биздин нукура фестивалдарыбыз бойдон калууда. Бул туристтер үчүн жасалма шоу эмес, жылдар бою колдоого алынып келе жаткан каада-салттардын тирүү сакталышы:

  • "Салбуурун". Ал Бөкөнбаевдеги бүркүт, тайгандар менен улуттук уучулук боюнча дүйнөгө белгилүү фестиваль бардык континенттерден этнографтарды, фотографтарды жана тарых сүйүүчүлөрүн өзүнө тартарын баса белгиледи.
  • "Боз-Үй Фест" (боз үй фестивалы). Анын айтымында, Кызыл-Туу айылында коноктор ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген кыргыз боз үйүн тигүү процессин өз көздөрү менен көрүшөт. Акыркы үч жылда бул фестиваль европалык жана азиялык туристтердин келиши боюнча рекорддорду жаңылоодо.
  • Гастрономиялык фестивалдар. Касымов айткандай, түштүк чыныгы көчмөн ашканасын, экологиялык жактан таза өнүмдөрдү, тоо балын жана салттуу суусундуктарды даамдап көрүүнү каалаган фуд-туристтер үчүн тартылуу чекити болуп калды.
  1. Максаттуу аудитория: Туруктуу туризмдин жол көрсөтүүчүлөрү

Ал түштүк жээкке пассивдүү жээк эс алуусу үчүн эч ким келбей турганын белгиледи. Бул жакка кол тийбеген жаратылыш менен жуурулушууну каалагандар агылууда:

  • Экотуристтер жана чатырчылар: Leave No Trace ("Из калтырба") принциптерин колдонгон адамдар. Ал алар Тоң районунун жапайы жээктерин жана тоо этектерин тынчтыгы жана бетондун жоктугу үчүн жогору баалашарын баса белгиледи.
  • Вело- жана автотуристтер: Балыкчы – Барскоон жаңы трассасы велосипеддеги жана жабдылган кемперлердеги саякатчылардын эбегейсиз агымын өзүнө тартты, алар үчүн түштүк айлампа Борбордук Азиядагы эң кооз маршруттардын бири болуп калды.
  • Атчандар, треккерлер жана альпинисттер: Тескей Ала-Тоо кырка тоосу – бул активдүү эс алуу үчүн дүйнөдө таанылган бейиш. Касымов айткандай, Жети-Өгүз менен Барскоондун айланасындагы бийик тоолуу көлдөргө, мөңгүлөргө жана ашууларга жөө жана аттуу маршруттар акыркы үч жылда чыныгы бумду баштан кечирүүдө. Бул жакка Батыш Европадан, АКШдан, Япониядан жана Перс булуңундагы өлкөлөрдөн даярдыктан өткөн туристтер келишүүдө.

Түндүк менен түштүк – атаандаш эмес, өнөктөштөр

Директордун биринчи орун басары Ысык-Көлдүн түштүк жээги эч кандай учурда түндүк жээкке атаандаш эмес экенин баса белгиледи. Алар мелдешпейт, тескерисинче, Кыргызстандын кайталангыс, ар тараптуу туристтик брендин түзүү менен бирин-бири эң сонун толуктап турат.

"Ысык-Көлдүн түндүгү менен түштүгү – бул эс алуунун таптакыр эки башка философиясы. Жана биздин берметибиздин күчү дал ушул эбегейсиз ар түрдүүлүктө", – деп түшүндүрдү ал.

Касымов түндүк жээк – бул цивилизация, драйв жана ыңгайлуулук экенин баса белгиледи. Бул жакка классикалык курорттук эс алуу үчүн келишет: көрктөндүрүлгөн жээктер, ири отелдер, аквапарктар, түнкү клубдар, ресторандар жана өнүккөн шаардык инфраструктура. Анын айтымында, бул балдар менен үй-бүлөлүк эс алуу, жаштар компаниялары жана ири эл аралык форумдарды өткөрүү үчүн идеалдуу жай.

10

Ал түштүк жээк болсо өз кезегинде – бул жан дүйнө, тынчтык жана баштапкы абалды сактоо экенин түшүндүрдү. Түштүк ызы-чуудан жана бетондон чарчаган аудиторияны алат. Бул жакка кайрадан кубат алуу, көчмөн колорити, жапайы жаратылыш, Тескей Ала-Тоодогу трекинг жана нукура боз үй фестивалдары үчүн келишет. Ал түштүк түндүктө дээрлик калбай калган нерсени – жалгыз калуу сезимин жана чыныгы, кол тийбеген Азияны сунуштай турганын белгиледи.

Ал мурда эске салынган Балыкчы – Барскоон – Каракол трассасынын масштабдуу реконструкциясынын аркасында атаандаштык биротоло өнөктөштүккө орун бошотконун кошумчалады. Эми Ысык-Көл премиум-класстагы бирдиктүү айлампа маршрутка айланууда.

"Чет элдик турист мындан ары "бул же тигил" деп тандабайт. Бүгүнкү күндө типтүү тур мындай көрүнөт: конок алгачкы бир нече күнүн түндүктө өткөрүп, пляждардан жана мейманканалардын ыңгайлуулугунан ырахат алат, андан соң түштүккө – глэмпингдерге, капчыгайлардагы ат турларына жана этно-фестивалдарга жөнөйт, ал эми саякатын тарыхый Караколдо аяктайт. Утушта эки жээк тең калат, ал эми аймактын жалпы экономикасы өсөт", – деп түшүндүрдү Касымов.

Ал түндүк жээк сезондун туу чокусунда өзүнүн антропогендик жүктөмүнүн чегинде иштеп жатканын кошумчалады. Түштүктүн эко- жана этнотуризм багытында активдүү өнүгүп жатканы көлдүн бүткүл экосистемасын абдан сактап калууда. Ал түштүк жээк спецификалык, экологиялык жактан аң-сезимдүү агымды – чатырчыларды, альпинисттерди, бүркүтчүлөрдү, велосипедисттерди жана маданиятты изилдөөчүлөрдү өзүнө топтоп, кабыл аларын белгиледи.

"Түштүк түндүктөгү пансионаттардан кардарларды тартып албайт, ал Кыргызстанга мурда бизге жөн эле келбей турган жаңы аудиторияны тартууда", - деп түшүндүрдү директордун биринчи орун басары.
11

Инвесторлор үчүн Түштүк жээктин артыкчылыгы

Касымов бизнес үчүн түштүк жээк бүгүнкү күндө – бул оюн эрежелери түшүнүктүү жана ачык-айкын болгон аймактагы эң келечектүү жана бош базарлардын бири экенин белгиледи:

  • Бош ниша (Катаал атаандаштыктын жоктугу). Анын айтымында, ашыкча толгон түндүктөн айырмаланып, түштүк жээк – бул "көгүлтүр океан". Сапаттуу эко-отелдерге, глэмпингдерге жана конок үйлөрүнө болгон суроо-талап бул жерде жыл бою сунуштан ашып түшөт.
  • Инфраструктуралык эбегейсиз түрткү. Ал мамлекет бизнес үчүн негизги тобокелчиликтерди азайтканын баса белгиледи. Жаңы төрт тилкелүү Балыкчы – Каракол жолу логистика маселесин чечет, ал эми "Бедел" көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишке кириши Кытайдан жана Азиядан келген төлөө жөндөмдүүлүгү бар туристтердин агымына түз жол ачат.
  • Кирүүнүн төмөнкү босогосу жана тез акталышы. Директордун биринчи орун басары экотуризм чөйрөсүндөгү долбоорлор (куполдук отелдер, модулдук глэмпингдер, эски базаларды реновациялоо) классикалык бетон мейманканаларды курууга караганда капиталдык жумшалуучу каражаттарды кыйла аз талап кыларын жана кыйла тез акталаарын белгиледи.
  • Түшүнүктүү эрежелер жана мамлекеттин колдоосу. Касымов 2030-жылга чейин туризмди өнүктүрүү программасынын алкагында иштөө менен инвестор базардагы иретсиз өзгөрүүлөрдөн корголгонун айтты. Ал эми Рестпоинттер жана ТИЦтер тармагы анын бизнесин маалыматы бар кардарлардын даяр агымы менен камсыз кылат.
12

Ошентип, Ысык-Көлдүн түштүк жээги бүгүн жапайы жаратылыш менен жогорку тейлөө маданияты жанаша жашай аларын далилдөөдө. Жолдор жана көзөмөл-өткөрүү пункту түрүндөгү инфраструктура – бул дүйнөгө Кыргызстандын негизги казынасын – жаратылыштын жана көчмөн маданиятынын чыныгы, тунук бурчун көрсөтүүгө жардам берген курал. Туристтер үчүн түштүк түндүктө жетишпей жаткан нукуралыкты, экологиялык тазалыкты жана тынчтыкты сунуштайт. Инвесторлор үчүн болсо түштүк жээк региондогу эң келечектүү жана бош базарлардын бирине айланууда, ал эми мамлекет оюндун түшүнүктүү жана ачык-айкын эрежелерин түзүүдө. Ысык-Көлдүн түндүгү менен түштүгү атаандашпайт, тескерисинче, бирин-бири толуктап, бирдиктүү туристтик маршрутту калыптандырат, ал Кыргызстанга дүйнөнүн чар тарабынан ыңгайлуу пляж эс алуусун да, чыныгы көчмөн маданияты менен кол тийбеген жаратылышты да издеген саякатчыларды барган сайын көбүрөөк тартууда.