Экскурсиялар, концерттер, спектаклдер. Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата иш-чаралардын тизмеси

Маданият Загрузка... 26 Март 2025 15:25
istockphoto-1295114854-612x612-1.jpg
copyright icon www

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда 27-мартта Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өтөт.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, көрүүчүлөр үчүн атайын программалар, спектаклдер, концерттер, мастер-класстар жана экскурсиялар даярдалган.

Майрамдык иш-чаранын алкагында А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында көрүүчүлөр үчүн экскурсия уюштурулуп, Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында ачык асман алдында "Театрдын салтанаты" аттуу майрамдык концерт өтөт.

Ошондой эле майрамдык программалар аймактык театрларда пландаштырылган.

Алсак, Нарын облустук М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында ачык асман алдында концерттик программа уюштурулат.

Талас облустук К. Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында көрүүчүлөр "Күйө сатам" комедиялык спектаклин көрө алышат.

С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында "Гарри Поттер"фантастикалык спектакли көрсөтүлөт.

Андан тышкары, театрлардын жана филармониялардын чыгармачыл жамааттары өз кесиптештерин куттукташып, концерттик программаларын тартуулашат. Тактап айтканда, Т. Эшпаев жана Ж. Алибаев атындагы фольклордук ансамблдердин артисттери Ош облусундагы театрлардын чыгармачыл жамааттарына өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Ошондой эле майрамдын алкагында жаш актерлор үчүн мастер-класстар, парктарда куурчак театрынын программалары жана көрүүчүлөр үчүн атайын иш-чаралар өтөт.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк театр күнү 1961-жылы ЮНЕСКОнун эл аралык театр институту тарабынан негизделген. Бул күн жыл сайын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө театр искусствосунун маанисине жана анын маданияттын жана коомдун өнүгүшүндөгү ролуна көңүл буруу максатында белгиленип келет.