Түптө 100 гектар аянтта токойду калыбына келтирүү боюнча долбоор бекитилди

Аймак Загрузка... 17 Июнь 2026 12:15
20436_1632115058_lg.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Түп токой чарбасында жаратылышты коргоого жана токой экосистемаларын жандандырууга багытталган маанилүү келишимге кол коюлду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Түп токой чарбасынын директору Рахат Эсенгул уулу 100 гектар аянттагы токойлорду калыбына келтирүү боюнча гранттык долбоорду бекитти.

724771058_1060685346281052_2704459254553233088_n

Бул грант Түп аймагындагы токой ресурстарын сактоого, бузулуп (деградацияга учурап) кеткен жерлерди кайра калыбына келтирүүгө жана аймактын экологиясын жакшыртууга багытталган.

Иш-чара "Регионалдык жайыт жамааттарынын туруктуулугу – АДАПТ" долбоорунун алкагында, Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) колдоосу жана көзөмөлү менен ишке ашырылат.

1

Эл аралык миссиянын өкүлдөрү Түп районунун Сары-Булуң айылындагы "Нур" жана "Ийгилик" кооперативдеринин мүчөлөрү менен да жолугушту. Анда жергиликтүү жамааттарды колдоо, жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу жана айыл жергесин өнүктүрүү демилгелери талкууланды.