Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында жалпы 1 миң 200дөн ашык эс алуу жайы болсо, анын 170тен ашыгын пансионаттар, миңге жакынын конок үйлөрү жана боз үй шаарчалары түзөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын экологиялык контролдоо бөлүмүнүн башчысы Расулбек Жусупов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул эс алуу жайларынын негизги көйгөйү — таштанды жана саркынды суулар маселеси.
"Ысык-Көл облусу боюнча негизинен 250дөн ашуун саркынды сууларды тазалоочу курулма бар. Конок үйлөрүнүн, эс алуу жайларынын көпчүлүгүнүн өздөрүнүн жергиликтүү тазалоочу курулмалары бар. Анын бардыгы Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларындагы чоң саркынды суу тазалоочу курулмаларга кошулган. Каракол, Балыкчы шаарларындагы курулмалардын көйгөйү чечилип, бардык конок үйлөрдүн саркынды суулары кошулууда. Бул жерде саркынды суулар тазаланып, лабораториялык үлгүлөрү алынып текшерилгенден кийин кайра Сары-Камыш айылындагы айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн колдонулат. Андан тышкары, Каракол шаарындагы саркынды суу тазалоочу курулма жакын арада бүткөрүлүп, маселе толугу менен чечилгени турат", — деди Жусупов.
Белгилей кетсек, көлдү коргоого багытталган "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыкка 2022-жылы президент Садыр Жапаров кол койгон. Андан башка, жаратылышты коргоо боюнча бир топ мыйзам, ченемдик документтер бар. Ошол документтердин негизинде көлдү коргоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.