Бажы тармагына ЖИ киргизилет: Ысык-Көлдө эл аралык IT-конференция өтүүдө

Аймак Загрузка... 17 Июнь 2026 15:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунда "Бажы экосистемасы боюнча диалог" аттуу III эл аралык IT-конференция өз ишин баштады.

Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришкендей, иш-чарага ар кайсы өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана IT-эксперттер катышууда.

Конференцияда Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев белгилегендей, азыркы бажы органдары текшерүүчү гана эмес, эл аралык сооданын, логистиканын жана санариптик өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү экосистемасы болуп калды.

Катышуучулар бажы тармагына жасалма интеллектти колдонуу, санариптик транзиттик чечимдерди өнүктүрүү жана товарлардын чек арадан өтүү процесстерин тездетүү маселелерин талкуулап жатышат.

Конференцияда Азербайжан, Казакстан, Сингапур, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр өз тажрыйбалары менен бөлүшүүдө. Бул алдыңкы ыкмалар Кыргызстандын бажы системасын санариптештирүүдө колдонулат.

Бул иш-чара Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсеси, Германия эл аралык кызматташтык коому (GIZ) жана Европа биримдигинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.