Эл өкүлү: Кара-Суудагы 9-класстын окуучусу мектеп рэкетчилигинин курмандыгы болду

Жогорку Кеңеш Загрузка... 13 Февраль 2025 11:26
5867187062099261512.jpg
copyright icon www

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда мектеп рэкетчилигин кесепетинен 9-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эрнис Айдаралиев билдирди.

Депутат Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы No39 мектепте болгон окуянын айрым чоо-жайын айтып берди.

Ал белгилегендей, төрт мектеп окуучусу 9-класстын окуучусу Адилет Турдубаевди ажатканада сабап салышкан. Экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй бала ички органдарынан алган жаракатынан улам дем жетпей каза болгон.

“Мектептин директору менен мугалимдери ур-токмокко алуу фактысын жашырып келишкен. Бирок аймактык милициянын кызматкери көзөмөл камераларын карап, сабалган фактыны ачыкка чыгарды”,-деди депутат.

Эл өкүлү бул ишти териштирүү боюнча тиешелүү органдарга протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Алдын ала тергөө маалыматтары боюнча, жабырлануучуну ошол эле мектептин 2007-жылы туулган окуучусу сабап салган.

Шектүү катары 2007-жылы туулган Р.Н аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.