Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жакынкы күндөрү реконструкциялоо иштери баштала турган Элебесов көчөсүндө болду.
Мэриядан билдиришкендей, узундугу 1,5 чакырымды түзгөн тилке реконструкцияланып, жол төрт тилкеге чейин кеңейтилет. Ал эми жолдун туурасы 20 метрди түзөт. Ошондой эле эки жагына тротуар курулуп, ирригациялык тармак орнотулат.
Мындан тышкары, узундугу 800 метр, туурасы 20 метр болгон Безымянная көчөсүн Түндүк айланма жолуна чейин реконструкциялоо пландалууда.
Айбек Жунушалиев курулуш иштеринин сапаттуу аткарылышын жана белгиленген мөөнөттөрдүн так сакталышын камсыз кылууну тапшырып, бардык иштер жаңы окуу жылы башталганга чейин аяктоого тийиш экендигин баса белгиледи.