Электр энергиясына тарифтерди инвесторлор үчүн чет элдик валютада белгилөө сунушталууда

Жогорку Кеңеш Загрузка... 20 Январь 2026 13:35
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин бүгүнкү жыйынында “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков учурда энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында инвестиция тартууда айрым чектөөлөр бар экенин айтты.

Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунда министрлер кабинети менен түзүлгөн инвестициялык жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууда эл аралык валютада электр энергиясына тарифтерди белгилөө мүмкүнчүлүгү сунушталып жатат. Анткени учурда тарифтер министрлер кабинети тарабынан улуттук валютада аныкталат.

“Электр энергиясына тарифтерди чет элдик валютада белгилөө чет элдик инвесторлор үчүн тобокелдикти азайтып, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатат. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда жеңилдетилген мөөнөт түшүнүгү такталып, тарифтерди аныктоодо аукцион механизми киргизилет”, — деди Рысбеков.

Талкуу учурунда депутат Кундузбек Сулайманов энергиянын кайра жаралуучу булактары субъекттери тарабынан электр энергиясын сатуудан түшкөн каржылык кирешелердин көлөмүнө кызыкса, эл өкүлү Таалайбек Масабиров сунушталып жаткан аукцион өткөрүү ченемдерин тактады.

Депутат Кубанычбек Конгантиев сунушталып жаткан өзгөртүүлөр инвесторлор үчүн шарттарды начарлатпоого тийиш экенин белгилеп, экинчи окууга чейин жогорулатылган туруктуу коэффициентти жокко чыгаруунун себебин жана маанисин тактап жазууну сунуштады.

Белгилей кетсек, “Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, энергетика тармагын модернизациялоо, инвестициялык климатты жакшыртуу жана экономиканын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо максатында иштелип чыккан.