Бишкек, 01.05.26 /Кабар/. Бүгүн, 1-Май - Эмгек күнүнө карата кесип ээлери айлана-чөйрөнү жакшыртуу максатында көчөттөрдү отургузушту. Бул тууралуу Кесиптик бирликтер федерациясынан билдиришти.
Акцияда өндүрүш, билим берүү, медицина жана башка тармактарынын кызматкерлери жүздөгөн бак-дарактардын көчөттөрүн тигишти. Мындай иш-чаралар өлкө жетекчилигинин жаратылышты коргоо боюнча демилгелерине шайкеш келип, жарандардын жоопкерчилигин күчөтөт.
Ошондой эле кесиптик бирликтер эмгекчилердин укуктарын коргоо багытында иштерин улантып келет. Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп, жарандарга юридикалык жардам көрсөтүп, жарандарга 1229 телефону аркылуу жана түз жолугушууларды да үзгүлтүксүз өткөрүүдө.
Иш-чарада федерациянын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу акция келечекке болгон жоопкерчиликтин белгиси экендигин белгиледи.
“Биз жаратылышты коргоо менен бирге, биримдикти да көрсөтүп жатабыз. Бардыгыңызды Эмгек күнү менен куттуктайм”,-деди ал.
Демилгени Кесиптик бирликтер федерациясы көтөрүп, мамлекеттик органдар, анын ичинде эмгек жана социалдык тармактар боюнча мекемелер, экология багытындагы түзүмдөр жана Чүй облусундагы өкүлчүлүк колдоо көрсөтүштү.