Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Улуттук статистикалык комитет менен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.
Ведомстводон билдиришкендей, кызматташуу илимий жана практикалык статистиканын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө, ошондой эле статистика, бизнес-талдоо жана санариптик технологиялар чөйрөсүндө маалыматтарды иштеп чыгуучу адистерди даярдоого багытталган.
Кызматташтыктын алкагында «Бизнес-аналитика жана статистика» жаңы профили түзүлүп, реалдуу маалыматтар жана заманбап талдоо ыкмалары менен эффективдүү иштөөгө жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо макулдашылды.
«Бүгүнкү күндө Улуттук статистикалык комитет маалыматтарды чогултуу, талдоо жана текшерүү системасын өркүндөтүү, ошондой эле статистикалык чөйрөгө заманбап санариптик технологияларды киргизүү боюнча чоң максаттарды коюуда. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн бизге жаңы багыттагы кадрлар керек. Статистика тармагында гана терең билимге ээ болбостон, чоң маалыматтарды жана санариптик технологияларды, бизнести талдоо жаатындагы заманбап компетенцияларга ээ адистерге муктаждык бар», – деп белгиледи Статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов.
"Бул макулдашуу статистика жана бизнести талдоо тармагында адистерди даярдоонун моделин түзүүгө жардам берет, ошондой эле статистикалык системанын өнүгүшүн жана алдыга жылышын камсыз кылат",-деп айтылат маалыматта.