Эртең Бишкектин түштүк тарабында суу өчөт

Коом Загрузка... 20 Май 2026 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Эртең Бишкектин түштүк тарабында суу өчөт.

Муниципалитеттин билдиришкендей, эртең, 21-майда саат 09:00дөн 00:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өндүрүштүк объекттерде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы:

Байтик баатыр көчөсү – Түштүк Чоң Чүй каналы – Ала-Арча суусу – Саманчин көчөсү – Байтик баатыр көчөсүнүн батыш тарабы – Ала-Арча-3 конушу.

Суу 10-кичи райондогу диаметри 500 мм болгон суу түтүгүндөгү аварияны калыбына келтирүү иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундарды, ишкана-уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.