Бишкек, 08.04.26 /Кабар/. Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Эсептөө палатасынын жаңы аудиторлорун шайлоо маселеси каралды.
Алсак, президенттин жана министрлер кабинетинин туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордуна Алимжан Байгазаковдун талапкерлигин сунуштады.
Өз кезегинде Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Алтынбек Кудайбердиев "Ынтымак-Мекенчил" депутаттык тобу Алмазбек Акматовдун, ал эми "Ишеним" депутаттык тобу Зарылбек Сатаевдин талапкерлигин сунуштаганын маалымдады.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Байгазаков Алимжан Топчубаевич, Сатаев Зарылбек Апасович, Акматов Алмазбек Шаршембиевич аудитор кызмат орундарына шайланышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.
Жыйынтыгында жаңы шайланган аудиторлор ант беришти.