Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Азыр эттин баасы Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө да көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев "Кабар" агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.
Анын айтымында, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанда эттин баасы 14 долларды түзүп, биздеги баадан кыйла жогору.
“Негизи эттин баасы акыркы 1-2 жылдан бери өсүп келе жатат. Былтыр август айынан баштап баа кескин өстү. Акыркы жылдын жыйынтыгы менен эттин баасы 680-700 сомдун тегереги болчу. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында 700-780 сом болуп, бир аз жогору болду. Региондордо 50-60 сомго арзаныраак, эттин түрүнө жараша 650 сомдун тегерегинде сатылууда. Бул уйдун этине карата баалар. Уйдун жана койдун этине караганда жылкынын эти бир аз арзаныраак. Тооктун эти андан да арзан, түрүнө жараша 300-350 сомдун тегерегинде”,- деди Чекирбаев.