Евразия өнүктүрүү банкы негизделгенинин 20 жылдыгын белгилөөдө

Экономика Загрузка... 16 Июнь 2026 16:20
WhatsApp_Image_2026_Qj7ddLp.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) негизделгенинин 20 жылдыгын белгилеп жатат. Эки он жылдыктын ичинде банк эки тараптуу демилгеден Евразия мейкиндигиндеги алдыңкы көп тараптуу өнүктүрүү институттарынын бирине чейинки жолду басып өттү.

Банктан билдиришкендей, 20 жыл ичинде ЕАӨБдүн топтолгон инвестициялык портфели 19,6 млрд долларга жетип, ага мүчө мамлекеттердеги 326 долбоор кирди.

Ишке ашырылган долбоорлордун арасында – жалпы кубаттуулугу 2,7 ГВт болгон 35 электр станциясынын курулушу, 33 өнөр жай ишканасынын түзүлүшү, 1,7 миң чакырымга жакын унаа жана куур инфраструктурасын модернизациялоо, ошондой эле 4 миң бирдик темир жол кыймылдуу курамын жаңылоо бар.

Банк унаа инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Анын катышуусу менен жылына жалпысынан 32 млн жүргүнчү өткөрүү мүмкүнчүлүгү бар үч аэропорт реконструкцияланган.

ЕАӨБдүн маалыматы боюнча, тартылган биргелешкен каржылоону эсепке алуу менен мүчө мамлекеттердин экономикасына 64 млрд доллардан ашык каражат багытталган.

Акыркы төрт жылда банктын инвестициясынын көлөмү 9,2 млрд долларды түзгөнү белгиленет, бул Евразиядагы көп тараптуу өнүктүрүү банктарынын бардык инвестицияларынын 39 пайызына барабар.

Учурда ЕАӨБ жети мамлекеттин башын бириктирет. 2025-жылы банк Абу-Дабиде (БАЭ) өз өкүлчүлүгүн ачып, эл аралык деңгээлде катышуусун кеңейтүүнү улантууда.

Банк ошондой эле туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду иштеп чыгууда, ESG принциптерин киргизүүдө, "жашыл" каржылоону жана ислам каржы инструменттерин колдоого алууда. Мындан тышкары, ЕАӨБ аймакты өнүктүрүү маселелери боюнча дайыма макроэкономикалык божомолдорду жана аналитикалык изилдөөлөрдү чыгарып турат.

Банк башкармалыгынын төрагасы Николай Подгузов банк Евразия мамлекеттеринин экономикалык интеграциясына жана туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү долбоорлорду мындан ары да колдоого алууга ниеттенип жатканын белгиледи.

"20 жыл – бул башталышы гана. Биз өлкөлөрдү бириктирген, жумуш орундарын түзүүчү жана бүтүндөй тармактардын өнүгүшүнө түрткү берүүчү долбоорлорду колдоону улантабыз", – деп баса белгиледи ал.

Маалымат үчүн: Евразия өнүктүрүү банкы – Евразия мейкиндигинде инвестициялык ишмердүүлүктү жүргүзгөн көп тараптуу өнүктүрүү банкы. Иштин негизги багыттары унаа инфраструктурасы, санариптештирүү, жашыл энергетика, айыл чарбасы, өнөр жай жана машина куруу болуп саналат. Банк "Борбор Азиянын суу-энергетикалык комплекси", "Евразия унаа каркасы" жана "Евразия товар өткөрүүчү тармагы" сыяктуу стратегиялык мегадолбоорлорду ишке ашырып келет.