Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу: Кыргызстан үчүн Перс булуңуна жол ачылабы?

Экономика Загрузка... 16 Июнь 2026 18:25
photo_2024-12-27_14-45-07.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстан деңизге түз чыга албаган мамлекеттердин катарына киргендиктен, анын тышкы соода жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрү негизинен транзиттик коридорлорго көз каранды. Бул шартта Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоору Борбор Азиядагы эң ири стратегиялык инфраструктуралык демилгелердин бири катары бааланууда. Эксперттердин пикиринде, бул жаңы темир жол өлкөнү эл аралык транспорттук тармактарга интеграциялап, Перс булуңундагы өлкөлөрдүн деңиз портторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтет.

2024-жылдын 27-декабрында президент Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берип жатып, долбоор Улуу Жибек жолунун тарыхый ролун жандандырып, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы байланышты бекемдей турганын белгилеген.

“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, бул – Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болуп саналат. Тагыраак айтканда, жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин рынокторуна жол ачат”,-деген өлкө башчысы.

Темир жол Кашкар — Торугарт — Макмал — Жалал-Абад — Анжиян багыты боюнча өтөт. Долбоорду ишке ашырууга 2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлуп, курулушу 27-декабрда башталган. Жалпы узундугу болжол менен 480 чакырымды түзсө, анын 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Мунун аркасында өлкө аймагында 18 бекет, 81 көпүрө жана 41 туннель куруу каралган. Темир жолдун жалпы наркы 4,7 миллиард долларды түзөт. Аны 2030-жылга чейин куруп бүтүрүү мерчемделген.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, Бүгүнкү күндө темир жолдун бардык негизги тилкелеринде жер төшөмдөрүн даярдоо, орто жана ири көпүрөлөрдү, ошондой эле туннелдерди куруу иштери кызуу жүргүзүлүп жатат. Долбоорду ишке ашырууга 6 миңден ашык курулуш техникасы жана жабдуулары тартылып, 9 миңден ашуун инженердик-техникалык адистер менен жумушчулар эмгектенүүдө.

Ошондой эле аталган мекеме бул каттам аркылуу Кыргызстан Өзбекстан жана Түркмөнстандын аймагы аркылуу Ирандагы Перс булуңунун жээгинде жайгашкан эң ири порттордун бири — Бендер-Аббас портуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун билдирди.

“Мындан тышкары, Пакистандын деңиз портторуна чейин жеткен Түштүк Азия багытындагы жаңы жана натыйжалуу логистикалык коридорлор түзүлөт. Натыйжада Кыргызстан үчүн Жакынкы Чыгыштын, Түштүк Азиянын жана Европанын рынокторуна жүктөрдү эң кыска жана экономикалык жактан пайдалуу маршруттар аркылуу жеткирүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачылат”,-деп белгилешти ишканадан.

Ал эми Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, темир жол өлкөнүн транспорттук-логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүчү жана өлкөнүн транзиттик потенциалын сапаттуу жаңы деңгээлге чыгаруучу стратегиялык долбоор болуп саналат.

Ал Кытай менен Борбор Азияны, андан ары Жакынкы Чыгышты жана Европаны байланыштырган эң кыска кургактык коридорлорунун бири болуп калат. Долбоор ишке ашырылгандан кийин Кыргызстан эл аралык транспорттук түйүн катары өзүнүн ролун кыйла бекемдеп, транзиттик жүктөрдүн агымын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Долбоордун маанилүү артыкчылыктарынын бири – Кыргызстандын эл аралык транспорттук коридорлор аркылуу Перс булуңундагы мамлекеттердин деңиз портторуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн кеңейиши. Өзгөчө Түркмөнстан, Иран жана башка аймактык транспорттук маршруттары аркылуу өлкөнүн товарларын Перс булуңунун рынокторуна жеткирүү үчүн жаңы логистикалык мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Бул өз кезегинде экспорттук жеткирүүлөрдүн географиясын кеңейтүүгө, транспорттук чыгымдарды жана жеткирүү мөөнөттөрүн кыскартууга, ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле айыл чарба, жеңил өнөр жай жана кайра иштетүү тармактарынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга шарт түзөт.

Ошондой эле долбоор транзиттик кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелерди көбөйтүп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн логистикалык борбор катары өнүгүшүнө кошумча шарттарды түзөт.

Андан сырткары экономист Улукман Мамытовдун айтымында, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу ишке киргенден кийин Кыргызстандын Перс булуңундагы өлкөлөрдүн портторуна чыгуу мүмкүнчүлүгү кыйла кеңеет. Анын айтымында, Кыргызстан деңизге түз чыга албаганы менен, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Иран аркылуу Перс булуңундагы портторго жетүүгө шарт бар.

1070198804_0_239_3067_1964_600x0_80_0_0_b9ea8ea6c2b98f6184ba6b62f29761d5.jpg
“Бирок транспорттук коридордун мүмкүнчүлүгүн толук пайдалануу үчүн өлкөдө экспорттук-логистикалык инфраструктура өнүгүшү керек. Ири көлөмдөгү товарларды топтоп, тышкы рынокторго үзгүлтүксүз жөнөтө алган экспорттук-логистикалык корпорациялар түзүлүүгө тийиш. Перс булуңундагы өлкөлөргө товарлар туруктуу жана чоң көлөмдө жөнөтүлүп турганда гана бул маршрут экономикалык жактан натыйжалуу болот. Эгер бул багыттагы иштер системалуу жүргүзүлсө, эки жылдын ичинде эле олуттуу жыйынтыкка жетүүгө болот”, - деди эксперт.

Жыйынтыктап айтканда, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу Кыргызстанга Перс булуңуна түз чыгуу мүмкүнчүлүгүн бербегени менен, өлкөнүн эл аралык транспорттук байланыштарын кеңейтип, Жакынкы Чыгыш рынокторуна жетүүнү жеңилдетет.