Финансы министри баалуу металлдар тармагын санариптештирүүнү күчөтүүнү тапшырды

Коом Загрузка... 02 Июнь 2026 22:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Финансы министри Руслан Сүйналиев министрликке караштуу Баалуу металлдар департаментине иш сапары менен барып, мекеменин учурдагы ишмердүүлүгү, жетишкендиктери жана келечектеги өнүгүү багыттары менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда департаменттин директору Алмаз Кадыракунов мекеменин ишмердүүлүгү жана тармакты өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, 1991-жылы түзүлгөн Баалуу металлдар департаменти өлкөдөгү баалуу металлдар жана асыл таштар тармагын жөнгө салуучу негизги мамлекеттик орган экенин белгиледи.

Өзгөчө көңүл департаменттин ишмердүүлүгүн модернизациялоо маселелерине бурулду. Акыркы жылдары санариптик трансформациялоо боюнча чаралар көрүлүп, ведомстволор аралык маалымат алмашуу жөнгө салынып, башкаруу процесстеринин натыйжалуулугу жогорулатылды.

Жыйынтыгында Руслан Сүйналиев департаменттин ишмердүүлүгүнө оң баа берип, мамлекеттик фондду толуктоо, санариптештирүүнү күчөтүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Ал мамлекеттик финансы системасынын чыңдалышы баалуу металлдар тармагынын өнүгүшүнө, мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкарууга жана өлкөнүн экономикалык туруктуулугун бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.