Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. Германиянын жана Нидерланддардын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына жолдомо алды.
Интерфакс маалымдагандай, тандоонун акыркы айлампасында Германия өз үйүндө Словакияны 6:0 эсебинде жеңди. Голдорду Ник Вольтемад (18-мүнөт), Серж Гнабри (29), Лерой Зане (36, 41), Ридле Баку (67) жана Ассан Уэдраого (79) киргизишти. Германиянын улуттук курама командасы 15 упай менен А тобунда биринчи орунду ээлеп, Дүйнө чемпионатына түз жолдомо алды. Словакия (12) экинчи орунду ээледи.
G тобунда Нидерланддар Литваны 4:0 эсебинде жеңди. Голдорду Тейани Рейндерс (16), Коди Гакпо (58, пенальти), Хави Симонс (60) жана Дониэлл Мален (62) киргизишти.
Нидерланддар 20 упай топтоп, өз тобунда биринчи орунду ээлеп, Дүйнө чемпионатына жолдомо алды. Польша (17) экинчи орунга жайгашты.
2026-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпионаты АКШ, Канада жана Мексикада өтөт.