Гүлшаркан Култаева БШКнын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Жогорку Кеңеш Загрузка... 11 Сентябрь 2025 14:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 11.09.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүн, 11-сентябрдагы жыйынында эл өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Гүлшаркан Култаеваны өз арызы боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин карашты.

Бул маселе боюнча маалыматты Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова билдирди.

Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Гүлшаркан Култаеваны өз арызы менен мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотту.