Бишкек, 06.09.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө өтүп жаткан III Түрк Универсиадасынын алкагында дзюдо боюнча мелдештер аяктап, жеңүүчүлөр сыйланды. Кыргызстандын дзюдочулары он медаль утту.
Эркектер арасындагы беттештер 60 кг, 66 кг, 73 кг, 81 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг салмак категорияларында болду.
Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасындагы 66 кг салмак категориясында Канболот Ырысбеков, 73 кг салмак категориясында
Муса Шабданбеков жана 90 кг салмак категориясында
Данияр Мелисов күмүш медаль тагынды.
Кыз-келиндер арасындагы беттештер 48 кг, 52 кг, 57 кг, 63 кг, 70 кг, 78 кг, +78 кг категорияларында өттү.
70 кг салмак категориясында Мырзайым Дүйшөнбекова,
78 кг салмак категориясында
Акмаржан Турдажиева, +78 кг салмак категориясында Айдеми Калыева, 57 кг салмак категориясында Жанар Жолдошева күмүш медаль жеңди.
Ал эми 48 кг салмак категориясында Луиза Асакеева, 52 кг салмак категориясында Сабира Кожомбердиева, 63 кг салмак категориясында Кыял Амантурова коло медалга ээ болду.
Командалык эсеп боюнча айта турган болсок:
- Казакстан;
- Өзбекстан;
- Азербайжан;
- Түркия;
- Кыргызстан.
Белгилей кетсек, III Түрк Универсиадасы 4-9-сентябрга чейин спорттун жети түрү боюнча өтөт.