III Түрк Универсиадасы: стол тенниси боюнча мелдештер уланууда

Спорт Загрузка... 06 Сентябрь 2025 16:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.09.25. /Кабар/. Бүгүн III Түрк Универсиадасынын алкагында стол тенниси боюнча мелдештер уланууда.

Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашкандай, оюндар 5-сентябрда Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында башталган. Бүгүн турнирдин экинчи айлампасы өтүп, Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстандын спортчулары эркектер арасындагы командалык мелдеште күч сынашууда.

Ошондой эле кыз-келиндер арасындагы беттештер өтүүдө. Ал эми эртең, 7-сентябрда жекелик мелдештер болот.