Бишкек, 18.06.26. /Кабар/. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров баштаган делегация Ташкент шаарындагы TEXNOPARK өнөр жай кластерине барды.
Агенттиктен билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө делегация Өзбекстандын ири өнөр жай комплекстеринин бири болгон 20га жакын заманбап өндүрүш багыттарын бириктирген технопарктын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Улуттук агенттиктин өкүлдөрүнө ишкананын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү, анын ичинде тиричилик техникасын, өнөр жай жабдууларын, курулуш материалдарын, күн панелдерин жана башка продукцияларды чыгаруу багыттары көрсөтүлдү.
Сапардын жүрүшүндө өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, өндүрүштүк чынжырчаларды түзүү, продукция чыгарууну локалдаштыруу, заманбап технологияларды киргизүү жана өнөр жай тармагына инвестицияларды тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
TEXNOPARKтын тажрыйбасы Кыргызстанда индустриалдык аянтчаларды жана өндүрүштүк кластерлерди өнүктүрүүдө, ошондой эле өнөр жай потенциалын кеңейтүүдө колдонууга боло турган практикалык мисал катары белгиленди.
Өнөр жай кластерине баруу кыргыз делегациясынын иш сапарынын программасынын алкагында өтүп, алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүгө, ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого багытталды.