Бишкек, 06.07.26 /Кабар/. Мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззакова жана небереси Берк Раззаков Баткен облусуна келишти. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, конокторду Раззаков шаарындагы Исхак Раззаков атындагы аэропорттон президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.
Сапардын алкагында Элмира Раззакова атасы Исхак Раззаков туулуп-өскөн Лейлек районунун Коросон айылындагы күмбөзүнө барып, куран окутуп, бата кылды. Зыяратка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар жана айыл тургундары да катышты.
Мындан тышкары, Элмира Раззакованын Раззаков шаарындагы Исхак Раззаковдун музейлер комплексине баруусу, ошондой эле Лейлек районунун, Сүлүктү шаарынын жана Кулунду айылынын тургундары, мамлекеттик кызматкерлер жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалууда.
Белгиленгендей, сапардын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев коштоп жүрөт.