Ысык-Көлдү коргоо: Биосфералык аймакты зоналаштыруу иштери тездетилет

Аймак Загрузка... 06 Июль 2026 13:23
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.55.28 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 6.07.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулованын жетекчилигинде Ысык-Көл биосфералык аймагын зоналаштыруу жана укуктук базаны жакшыртуу боюнча жумушчу жыйын өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга Токой кызматынын, "Кыргызмамжердолбоорлоо" ишканасынын, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү жана тиешелүү адистер катышты.

740881043_1690202142282808_8316258379015128558_n

Жыйында эл аралык ченемдер менен улуттук мыйзамдардын ортосундагы айырмачылыктар каралып, корголуучу аймактын макамын сактоо үчүн укуктук-ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы белгиленди.

"Иш-чаранын жыйынтыгында "Кыргызмамжердолбоорлоо" мамлекеттик ишканасы биосфералык аймакты зоналаштыруу жумуштарын тездетүү милдеттенмесин алды. Ал эми мыйзам актыларын иштеп чыгуу жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча министрликтин түзүмдүк бөлүнүштөрүнө конкреттүү тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул багыттагы кадамдар көлдүн экосистемасын коргоо жана аймакты туруктуу өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ экени айтылды.