Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Талас облусунун Манас районунда кылкандуу дан экиндерин жыйноо иштери башталды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, райондо жалпы 1950 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери себилген. Орточо түзүшүмдүүлүк 30-40 центнерден болууда.

Мындан сырткары, эрте бышуучу Актрис сортундагы картошка дагы бышты. Бул картошка район боюнча 550 гектар жерге себилип, 300 центнерден түшүм берүүдө. Дыйкандар картошкасын дүңүнөн 30-32 сомдон сатышууда.