Бишкек, 09.04.26. /Кабар/. Учурда өлкөдө мал-жандыкка профилактикалык иш-чаралар жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, айрым биокаражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилет.
Алар: шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы жана кой-эчкилердин күл, кыргын ылаңдарына каршы вакциналар, ал эми эхинококкозго каршы таблетка берилет.
Бирок эмдөө жасаган ветеринарга кызмат акы мал ээси тарабынан төлөнөт.
Ал эми айрым ооруларга каршы вакциналар мал ээси тарабынан төлөнөт.
Алар: лептоспироз, пастереллез, нодулярдык дерматит, карасан (эмкар), брадзот, эчкилердин плевропневмониясы, жылкылардын ринопневмониясы, чочколордун кыргыны, рожа, үй канаттууларына Ла-Сота, Чума Н, Марека, иттердин чумкасына каршы вакциналар, жаныбарлардын эктопаразиттерине, ошондой эле мите курттарын түшүрүүчү каражаттар.