Канттагы таштандыдан чыккан өрт: Шаар мэриясына айып пул салынды

Укук тартиби Загрузка... 19 Июнь 2026 13:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Таштандыдан чыккан өрткө байланыштуу Кант шаардык мэриясына айып салынды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, 18-июнда бир катар маалымат каражаттарында Кант шаарындагы таштанды талаасында өрт чыгып, кооптуу жагдай жаралгандыгы боюнча маалымат тараган.

Аталган факты боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында Кант шаардык мэриясына карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.