Бишкек, 26.06.26. /Кабар/. Кара-Балта шаарында катуу тиричилик калдыктарын сактоочу жаңы санитардык полигонду куруу боюнча жумушчу кеңешме өттү.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, кеңешмеге министрдин биринчи орун басары Жеңиш Сейдалиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, АРИСтин, Кара-Балта тоо-кен комбинатынын жана Талды-Булак айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү катышып, долбоордун негизги багыттарын талкуулашты.
Долбоордун жалпы баасы 4 млн долларды түзүп, ал Япониянын (JFJCM) гранттык колдоосу менен ишке ашырылат. Натыйжада заманбап экологиялык жана санитардык стандарттарга жооп берген, "Фукуока" япон технологиясынын негизинде жаңы полигон курулат.
Жолугушууда полигон куруу үчүн жер тилкесин тандоо, муниципалитеттер аралык кызматташуу жана айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын сактоо маселелери каралды. Жеңиш Сейдалиев министрлик долбоорду ишке ашырууну толугу менен координациялоого жана колдоого даяр экенин билдирди.
"Кара-Балта шаары заманбап жана коопсуз полигонго муктаж. Бул шаардын жана ага чектеш айылдардын тургундарынын жашоо сапатын жакшыртуу, ошондой эле экологиялык кырдаалды оңдоо багытындагы маанилүү кадам болот", — деди ал.